(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

29.04.2022

(Кыргызча)

Бүгүн, 2022-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө жана жогорку окуу жайдын 30 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасынын конституциялык укугу: өнүгүүсү, көйгөйлөрү жана келечеги» темасында жогорку окуу жайлар арасында студенттик илимий-практикалык конференция өттү.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Э.Ж. Осконбаев катышты, ал «Конституциялык соттун мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы орду жана ролу» темасына студенттер алдында баяндама жасады.

Конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту менен Ж.Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандум түзүлдү.