Меню навигации+

Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясынын (АКСА) Изилдөө жана иштеп чыгуу иштери боюнча катчылыктын 3-эл аралык симпозиуму

12.11.2021

10-11- ноябрь күндөрү Корея Республикасынын Конституциялык соту жана АКСАнын Изилдөө жана иштеп чыгуу иштери боюнча туруктуу катчылык уюштурган «Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясына мүчө болгон мамлекеттердин конституциялык укуктары» темасында 3-эл аралык симпозиум  видеоконференция байланыш тартибинде өттү.

 

Симпозиумга Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы К.Дж. Кыдырбаев жана эксперттик-аналитикалык бөлүмдүн улук консультанты Ч.М. Шергазиев катышты.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө Конституциялык соттун судьясы Кырккелди Кыдырбаев «Кыргыз Республикасында конституциялык контролдоо институтунун калыптануу жана өнүгүү тарыхынын айрым аспектилери жөнүндө» темасында баяндама жасады.

 

Ассоциация 2010-жылы адамзаттын жалпы конституциялык баалуулуктарын илгерилетүү максатында Азиянын конституциялык юстиция органдарынын региондук форуму катары түзүлгөнүн эскертебиз. КР Конституциялык соту 2015-жылы АКСАнын мүчөсү болду. Азыркы учурда Ассоциациянын Азербайжан, Афганистан, Бангладеш, Индия, Индонезия, Иордания, Казакстан, Түштүк Корея, Кыргызстан, Малайзия, Мальдивдер, Монголия, Мьянма, Пакистан, Россия, Филиппиндер, Тажикистан, Таиланд, Туркия, Өзбекистан сыяктуу мүчө болгон 20 мамлекет бар.