Меню навигации+

Конституциялык соттун Аппаратынын кызматкерлери “Этикалык эрежелерди жана кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча эрежелерди сактоо – коррупцияны алдын алуу боюнча негизги механизм» темасындагы семинарга катышышты

23.12.2021

Ушул жылдын 22-декабрында Конституциялык соттун Аппаратынын кызматкерлери “Этикалык эрежелерди жана кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча эрежелерди сактоо - коррупцияны алдын алуу боюнча негизги механизм» темасындагы семинарга катышышты. Семинар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан “Кыргыз Республикасындагы укуктун үстөмдүгү 2-Фаза” Европалык уюмдун программасынын колдоосу менен уюштурулган.

 

Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары Мурзалиева Жыргал Нуржановна cеминардын лектору болду.

 

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.