Меню навигации+

Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Э.Ж. Осконбаев Кыргыз Республикасында Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиянын башчысы менен жолукту

03.11.2021

Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Э.Осконбаев жана судья М.Бобукеева ЕККУнун демократиялык институттары жана адам укуктары боюнча бюросунун Кыргыз Республикасындагы Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиянын башчысы Одри Гловер менен жолугушту.

Миссиянын башчысы Одри Гловер айым төраганын орун басарына кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын билдирип,  Миссия Кыргыз Республикасынын бийлигинин расмий чакыруусу менен келгенин билдирди.

Өз кезегинде, Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Эмиль Осконбаев жалпысынан конституциялык контролдоо органынын калыптануу тарыхы жана соттун шайлоо жөнүндөгү мыйзамдар боюнча кароо предмети болгон иштер туурасында айтып берди.

Э.Осконбаев жолугушуунун аягында  Миссиянын иши тууралуу кеңири берилген маалыматы үчүн рахматын айтып, анын мүчөлөрүнө ЕККУ методологиясына жана эл аралык стандарттарга ылайык боло турган шайлоо процессин мониторинг кылууда ийгиликтерди каалады.