Меню навигации+

Конституциялык соттун Төрагасы К. Дуйшеевдин Жаңы жылдык куттуктоосу

30.12.2021

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бүткүл жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атыман Сиздерди кирип келаткан Жаңы жыл менен куттуктаймын!

 

Албетте, узатып жаткан жылыбыз баарыбызга өзгөчөлүгү менен эсте калаарлык. Өлкөдөгү өткөрүлүп жаткан укуктук өзгөрүүлөр, өзгөчө жаңы Конституцияны кабыл алуу жаңы кырларды, жаңы маселелерди белгиледи, аларды көңүлүбүздү токтотуп чечүүгө белсенип турабыз.

 

Конституциялык сот башка мамлекеттик бийлик органдар сыяктуу бардык чакырыктарга туруштук берип, натыйжалуу конституциялык сот адилеттигин жүзөгө ашыруу аркылуу биздин өлкөбүздүн андан аркы өнүгүүсүн жана туруктуулугун камсыз кыла алат деп ишенемин.

 

Конституцияны коргоо жана Конституциялык соттун негизги ишмерлиги болгон жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо ишине келерки жылда да артыкчылык менен көңүл бурулат.

 

Келе жаткан Жаңы жылда Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, бакубатчылык каалаймын, ак тилектериңиздер орундалсын!

 

Жаңы жыл ар бир үйгө кубаныч менен ынтымак алып келсин, жергебизде аманчылык, тынчтык болсун!

 

 

Эң мыкты тилектер менен,
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун төрагасы
К. Дуйшеев