Меню навигации+

“Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзам күчүнө кирди

30.11.2021

2021-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров сот тутумуна тиешелүү бир катар мыйзамдарга кол койду. Алар:
“Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзам;
“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзам;
“Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө” конституциялык Мыйзам;
“Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” конституциялык Мыйзам;
“Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзам.

 

Мыйзамдардын тексттери “Эркин-Тоо” гезитинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы №136 санына жарыяланды жана жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди.

 

Эске салсак, аталган мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган.