Меню навигации+

Евразия экономикалык биримдигинин Сотунун IV Эл аралык конференциясы

19.11.2021

2021-жылдын 17-19-ноябрында Евразия экономикалык биримдигинин Соту  тарабынан уюштурулган «Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарынын бирдей колдонулушун камсыз кылуу: Соттун ролу» деген темада IV Эл аралык конференция болуп өттү (видеоконференц байланыш түрүндө).

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы К.А.Дүйшеев  жана судья М.Р.Бобукеева  катышты.

 

Конференцияга ошондой эле Биримдикке мүчө мамлекеттердин жогорку сот органдарынын жана эл аралык сот органдарынын өкүлдөрү, Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү, ЕАЭБ жана ЕБ алдыңкы илимий мекемелеринин окумуштуулары, ошондой эле тажрыйбачы юристтер катышты.

 

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар Биримдиктин мыйзамдарын бирдей колдонууга байланышкан негизги маселелерди, эл аралык соттордун, ошондой эле Биримдикке мүчө мамлекеттердин сотторунун экономикалык укуктук мамилелер чөйрөсү боюнча тажрыйбасындагы негизги жаңылыктарды, атаандаштыкты коргоо жаатындагы көйгөйлүү маселелерди, бажыны жөнгө салуу жана Биримдиктин бирдиктүү ички рыногун өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты.