Меню навигации+

“Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык мыйзамдын жоболору тууралуу маалымат берүүгө арналган тегерек стол

17.12.2021

16-декабрда "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" конституциялык мыйзамдын жоболору тууралуу маалымат берүү максатында Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын, мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын, Акыйкатчы институтунун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол болуп өттү.

 

Иш-чараны “Аял судьялар кыргыз ассоциациясы" коомдук уюму “Кыргыз Республикасынын судьяларынын ассоциациясы” коомдук уюму жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту менен биргеликте “Калктын аярлуу топторуна сот адилеттигине жетишүүсүн жакшыртуу үчүн сот бийлигинин көз карандысыздыгын алдыга жылдыруу" долбоорунун алкагында уюштурду.