Меню навигации+

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы жылында мамлекеттик кабыл алуу болду

15.12.2021

Бүгүн 15-декабрда,  Кыргыз мамлекеттик  тарых музейинде  Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы жылында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн мамлекеттик кабыл алууга Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Карыбек Дуйшеев жана жогорку сот органынын судьялары  катышты.

 

Эске салсак, 1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз ССР Жогорку Совети «Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө» декларацияны кабыл алган. Декларацияда Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин тышкы иштердеги көз карандысыздыгы жана ички иштерде мамлекеттик бийликтин үстөмдүгү - суверенитет белгиленген.

 

1991-жылдын 31-августунда «Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө» декларациянын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын (Башмыйзамын) жетекчиликке алуу менен Жогорку Советтин кезексиз сессиясы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация» жөнүндө токтом кабыл алган.