Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын кызматкерлерине конституциялык укуктун ченемдерин чечмелөөнүн негиздери боюнча лекция окулду

12.10.2021

Учурдагы жылдын 10-12-октябрында Башкы сот – жардамчы (кызматтан кеткен), Молдованын Конституциялык сотунун мурдагы Башкы катчысы жана Венециялык комиссиянын мурдагы мүчөсү Родика Секриеру «Конституциялык укуктун нормаларын чечмелөөнүн негиздери: түрлөрү, техникалык-юридикалык каражаттары жана ыкмалары» темасында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппарат кызматкерлери үчүн тренинг өткөрдү.

 

Жалпысынан, эксперт конституциялык чечмелөөнүн негизги принциптерине жана ыкмаларына токтолуп, алардын конкреттүү түрлөрүн жана чечмелөөнүн техникасын ачып берди.

 

Ошондой эле, Родика Секриеру айым конкреттүү кырдаалдардын мисалында чечмелөөнүн айрым ыкмаларын колдонуу боюнча Молдованын Конституциялык сотунун тажрыйбасы жөнүндө айтып берди, анын жүрүшүндө тренингдин катышуучулары конституциялык контролдоо органынын чечимдеринен мисалдарды талкуулашты.

 

Аталган иш-чара Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү ˗˗ 2-фаза» программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.