Меню навигации+

Конституциялык соттун Аппаратынын кызматкерлери “Мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды чечүү” темасындагы тренинге катышышты

15.12.2021

Ушул жылдын 13-14-декабрында Конституциялык соттун Аппаратынын кызматкерлери үчүн “Мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды чечүү” темасында тренинг болуп өттү. Аталган тренинг Конституциялык соттун жаңы ыйгарым укуктарынын алкагында Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү ˗˗ 2-фаза» программасынын колдоосу менен өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын уландысы болуп саналат.

 

Тренингде Меергуль Бобукеева - Конституциялык соттун судьясы, Родика Секриеру - Молдова Конституциялык сотунун мурдагы башкы сот–жардамчысы, мурдагы башкы катчысы, Александру Тэнасе - Молдова Конституциялык сотунун мурдагы төрагасы, Венециялык комиссиянын мүчөсү сөз сүйлөштү.