Меню навигации+

Конституциялык соттун Аппаратынын кызматкерлери “Конституциянын үстөмдүгү жана конституциялык-укуктук чечмелөө” темасындагы тренинге катышышты

24.11.2021

 

Ушул жылдын 22-23-ноябрында Конституциялык соттун Аппаратынын кызматкерлери үчүн “Конституциянын үстөмдүгү жана конституциялык-укуктук  чечмелөө” темасында тренинг болуп өттү. Аталган тренинг  Конституциялык соттун жаңы ыйгарым укуктарынын алкагында Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү ˗˗ 2-фаза» программасынын колдоосу менен өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын уландысы болуп саналат.

 

Иш-чарада тренерлер катары Родика Секриеру - Молдова Конституциялык сотунун мурдагы башкы сот–жардамчысы, мурдагы башкы катчысы жана Венециялык комиссиянын мурдагы мүчөсү, Эркинбек Мамыров – Конституциялык палатанын мурдагы төрагасы, Жогорку соттун аппаратынын башчысы катышышты. Ал эми модераторлукту   Александру Тэнасе - Молдова Конституциялык сотунун мурдагы төрагасы, мурдагы  юстиция министри, Венециялык комиссиянын мүчөсү алып барды.

 

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар конституциялык контролдоо органдарынын тажрыйбасында чечмелөөнүн негизги принциптери жөнүндө толук маалыматты алышты, Германия Конституциялык сотунун юриспруденциясында конституциялык чечмелөөнүн ыкмаларына кеңири токтолушту, ошондой эле негизги укуктар болуп эсептелген жашоого укутун жана жеке турмуштун кол тийгистигине укуктун конституциялык сот өндүрүшүндө  коргоо темасы да козголду.

 

Өз учурунда Александру Тэнасе катышуучуларга реалдуу иштердин мисалында конституциялык сот өндүрүштөгү «Amicus curiae» (соттун достору) ролу жөнүндө айтып берди, мында тренингдин катышуучулары Украина жана Молдова конституциялык сотторунун чечимдеринен конкреттүү мисалдарды талкуулашты.