(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 1-пунктунун «а» пунктчасынын төртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

17.01.2019

(Кыргызча)

Конституциялык палата 2019-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 1-пунктунун «а» пунктчасынын төртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады. Кароонун жыйынтыгы боюнча талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келет деп таанылды, анткени мүлк мүнөзүндөгү жарандык доолор боюнча мамлекеттик алымдын негизделбеген көп өлчөмү соттук коргонуу укугун жүзөгө ашыруу үчүн чыныгы тоскоолдукка айланууда. Бирок мамлекеттик алымды төлөө маселесинде укуктук боштукту жокко чыгаруу максатында жана акылга сыярлык токтоолук принцибин жетекчиликке алып, Конституциялык палатанын чечиминде кийинкиге калтыруу шарты менен талашылып жаткан ченем 2019-жылдын 16-апрелинен тарта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына карама-каршы келет деп таанылды.

 

Конституциялык палата өз чечимин төмөнкүдөй тыянактар менен негиздеген.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей принциби бекитилген (16-берененин 3-бөлүгү).  Мыйзам жана сот алдында бардыгы теңдик укугунун бирдейлигинде билинет, ал бардык процесстик укуктук карым-катнаштын субъекттерине бирдей колдонулат жана жалпы мааниде сотко бирдей колдонуу укугун жана атаандаштык мүмкүнчүлүктөрдүн бирдейлигин кепилдейт жана мындай териштирүүлөрдө кандай гана басмырлоо болбосун тараптар менен болгон эркин мамилени камсыздайт.

 

Каралып жаткан аспектиде мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы кепилдеген соттук коргонууга болгон укук менен тутумдук өз ара тыгыз байланышта турат.

 

Жарандык сот өндүрүшүнө ылайыктап көргөндө соттук коргонууга болгон укук биринчи кезекте сотко кайрылууга болгон укукка (сот адилеттигин колдонуу) өзгөрөт. Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк  жарандардын сот адилеттигин колдонуусуна бөгөт коюучу ченемдердин кабыл алынышына жол берилбестигин билдирет. Сот адилеттигине жетпей туруп, ар бир жак өзүнүн соттук коргонууга болгон укугун толук көлөмдө жүзөгө ашыра албайт. Соттук коргонуу укугунун чыныгы камсыздалышы гана жактын сотко кайрылуусуна маани берет.

 

Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк түздөн-түз белгиленген шарттар менен байланышкан, алар процесстик гана эмес чыныгы мүнөзгө ээ. Сотто  коюлган талапты коргоо үчүн кызыкдар жактын кайрылуусу, мындай жактын соттук коргонууга болгон субъективдүү укугу бар болгондо гана соттук териштирүүнүн предмети болушу мүмкүн. Жарандык сот өндүрүшүн козгоо стадиясында сот адилеттүүлүгүн колдонуу субъективдүү укуктун келип чыгуусу жана аны жүзөгө ашыруу, бардыгынан мурда белгиленген юридикалык фактылардын (шарттардын) бар же жоктугуна шартталган. Так ушул юридикалык фактылар биринчи сот инстанцияда жарандык иштин козголушунун зарыл элементтери болуп эсептелинет, анткени мыйзам чыгаруучу сот адилеттүүлүгүнө болгон укуктун бар болушун жана аны жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн алар менен байланыштырат. Алардын жок болуусу кызыкдар жактын арызын кабыл алуудан баш тартуу, кайтарып берүү же кыймылсыз калтыруу үчүн негиз болуп саналат. Ушуну менен бирге түйшүктүү соттук чыгымдар чындыгында сотко кайрылуунун формалдуу жөнөкөйлүүлүгүнө карабастан аны мүмкүн эмес кылат.

 

Соттук чыгымдар ишке катышкан жактардын көтөргөн жарандык ишти сотто кароо жана чечүү себеби боюнча байланышкан сарпталчу чыгашалардан турат жана мамлекеттик алымдан жана ишти сотто кароого байланышкан чыгымдардан турат.

 

Мамлекеттик алым ишке катышкан жак тарабынан төлөнө турган акча суммасы болгондуктан, бул сумманын өлчөмү боюнча маселе баарынан мурда төлөөчү жак үчүн бир кыйла мааниге ээ.

 

Мамлекеттик алымдын өлчөмү сот адилеттигин жүзөгө ашырууга байланышкан сарптоолорго милдеттүү түрдө эквиваленттүү болушу керек эмес жана мыйзам чыгаруучу тарабынан укуктардын мүнөзүн жана коомдук карым-катнаштын конкреттүү тармагында коомдук тартипти камсыздоону жүзөгө ашырууда мамлекеттик алымды төлөө зарылчылыгы менен байланыштырылып жаткан максатка ылайык жана калыстык жана шайкештик принциптеринин негизинде аныкталышы милдеттүү.

 

Ошондой эле мамлекеттик алымдын суммасы негиздүү болушу керек, башкача айтканда бекитилген мамлекеттик алымдын максаттары менен салыштырылышы керек жана ошол эле учурда ставкалар жарандардын сот адилеттүүлүгүнө жетүү укугун чектебеши керек.

 

Бирок талашылып жаткан ченем менен бекитилген мамлекеттик алымдын доогер берген 10000 сомдон ашкан доонун баасынын 10 пайыздык өлчөмү өлкөнүн калкынын жашоосунун жана кирешесинин деңгээли салыштырмалуу төмөн болуп турган шарттарда ченемсиз көп болуп эсептелинет.

 

Ошондуктан наркы кымбат болгон мүлк менен байланышкан жарандык укуктук талаштар боюнча сот органдарына кайрылганда жактар негизсиз көп мамлекеттик алымды төлөөгө туура келүүдө, бул сотко кайрылууну түйшүк жаратуучу жана чындыгында формалдуу жөнөкөйлүүлүгүнө карабастан анын мүмкүн эместигин пайда кылат.

 

Мамлекеттик алымдын өлчөмсүз кымбат ставкаларынын кесепетинен соттордун юрисдикциясынан жарандык доолордун бир катары алынып салынууда, муну менен айрым жактардын категорияларына жарандык жоопкерчиликтен иммунитет берилүүдө – бул мыйзам жана сот алдында бирдейликке ылайык келбейт, ошондой эле соттук коргонууга болгон укукту бузат (Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгү, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пункту, 40-беренесинин 1-бөлүгү).

 

Конституциялык палата, талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таануу менен, Өкмөткө 2019-жылдын 16-апрелинен кечиктирбестен мамлекеттик алымдын ставкаларын укуктук жөнгө салуусуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү демилгелөөнү тапшырды.