(Кыргызча) «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 31 – беренесинин 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацынын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобонун (мындан ары – Жобо) 22-пунктунун тогузунчу абзацынын, 186-пунктунун 61-пунктчасын, 187-пунктунун бешинчи абзацынын; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставынын (мындан ары – Тартиптик уставы) 91–пункттун үчүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

07.03.2019

(Кыргызча)

Конституциялык палата 2019-жылдын 6-мартында жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, ага ылайык талашылып жаткан Мыйзам ченеми кабыл алынган чечимдин жүйөлөштүрүлгөн бөлүгүндө берилген конституциялык-укуктук маанисинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таанылды. Башкача айтканда, эмгектенүү конституциялык укугун ар кандай чектөө, аскер кызматчыларынын ишинин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу конституциялык маанилүү максаттарына жараша орундуу болсо да, ал белгилүү мыйзамдар негизинде жана дагы башка жоромолдор мүмкүнчүлүгүн болтурбаган критерийлерге негизделиши керек.

 

Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарга шилтемесиз эле, аскер кызматынан бошотуу үчүн башка негиздерди караган укуктук жөнгө салуу, негизсиз бошотуудан коргоого жарандардын укугунун бузулушуна жана тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 3-бөлүгүндө тарабынан кепилдик эмгектенүү укугун бузууга алып келүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Жобонун талашылып жатан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп таанылды. Талашып жаткан ченемдери ишеничтен кеткендигине байланыштуу бошотулушу мүмкүн негиздер, коомдук мамилелердин белгилүү бир чөйрөдөгү мыйзамдардан келип чыккан, бул менен бирге улуттук коопсуздук органдарынын мүчөлөрүнүн укуктук статусун жана аскер кызматын өтөөсүнүн тартибин жөнгө салат.

 

Улуттук коопсуздук органдары менен түзүлгөн келишим боюнча аскердик кызмат өтөө аскер иш-аракеттери «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставынан тышкары, «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» жана башка мыйзамдар менен жөнгө салынат.

 

Тартиптик уставынын талашып жаткан ченем менен белгиленген даттануу берүү үчүн он күндүк мөөнөттө аскер кызматчыларынын ишке ашыруу үчүн соттук коргоого укуктуу түздөн-түз тоскоолдук жок, ошондуктан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ал үчүн каралган кепилдиктер бузуу катары каралышы мүмкүн эмес деп белгилеген.

 

Бирок, Тартиптик уставда аскердик тартиптик жаза чарасы жөнүндө чечимге даттануу так аныкталбаган тартиби, тартиптик жазаларды салууга тиешелүү актылардын көчүрмөлөрүн берүү мөөнөтүнүн жоктугу бул аскер кызматчылардын соттук коргоо конституциялык укугун ишке ашыруу үчүн иш жүзүндө тоскоолдук жаратат.