(Кыргызча) Кылмыш-жаза кодекстин 338-беренесин текшерүү жѳнүндѳ

(Кыргызча)

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2014-жылдын 7-майында соттордун актыларын кыянаттык менен аткарбагандык үчүн жоопкерчиликти караган КР Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келет деп чечим чыгарды.

 

Конституциялык палатага кайрылган арыз ээси, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмүндѳ, соттун чечиминде же башка сот актысында кыянаттык менен аткарбагандыгы үчүн эркинен ажыратуу түрүндѳ санкциясы каралган жана алардын аткарылышына тоскоол болгон КЖК кодексинин 338-беренеси жарандык-укуктук милдеттенмени аткарбаганынын негизинде эркинен ажыратууга тыюу салуу кепилдиги бөлүгүндө Конституциянын 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна карама-каршы келет деп эсептейт. Арыз берүүчүнүн пикири боюнча, конституциялык жобого мындай каршылык Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесине өзгөртүү киргизүү менен пайда болгон, ага ылайык соттун чечимин кыянаттык менен аткарбагандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына гана эмес, жарандарга да таратыла баштаган.

 

Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп чыгып, тараптардын далилдерин угуп төмөнкүдөй тыянактарга келди.

Конституция тарабынан бекитилген жалпы милдеттүүлүк принциби сот тутумунун биримдигин сактоого, сот адилеттигинин кадыр-баркын жана жарандардын калыстыкка болгон ишенимин жогорулатууга багытталган. Соттук актыларын аткарбоо сот адилеттигинин милдеттерин ишке ашырууга тоскоол болот, зыяндын ордун кайтаруу мүмкүнчүлүгүн, бузулган укукту калыбына келтирүүнү жокко чыгарат, соттолуучунун же жоопкердин соттун өкүмүн же чечиминин натыйжаларын аткаруудан бошотууга түрткү болот.

Ушуга байланышту, КЖК менен сот актысын кыянаттык менен аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик караштырылган (338-берене). Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин контекстинде кыянаттык, адамды административдик жоопкерчиликке тарткандан кийин жана сот аткаруучусу тарабынан жазык жоопкерчилиги жөнүндө жазуу түрүндө эскертилгенден кийин, сот актысын андан кийин аткаруудан баш тарткан убакта, соттун өкүмүнөн, чечиминен же башка сот актысынан келип чыккан, ага жүктөлгөн милдеттердин ал тарабынан аткарбагандыгын түшүнсө болот. Бул учурда, сот актысын аткарбаган адамдын жүрүм-турумун, ал үчүн милдеттүү болгон сот актысынын жазма буйруктарын тоготпой жаткандыгын, жана бул жазма буйруктарды аткарууга чыныгы мүмкүнчүлүгү бар экендигин аныктоо маанилүү.

 

Ушул чечим боюнча судьялар Э.Ж. Осконбаевдын жана К.С. Сооронкулованын  ѳзгѳчѳ пикирлери бар.

 

 Төрагалык кылган                        Мукамбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                       Чинара Аскарбековна Айдарбекова