(Кыргызча) Жарандык процесстик кодекстин 206-беренесинин 2-бѳлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз
04.04.2018
(Кыргызча)
Конституциялык палата 2018-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин соттун өзүнүн демилгеси боюнча же ишке катышуучу жактардын арызы боюнча, чечимде кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдоо укугун караштырган 206-беренесинин 2-бѳлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ жана 96-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ карама-каршы келбестиги тууралуу чечим кабыл алды.
Конституциялык палата ѳз чечимин тѳмѳнкү жыйынтыктар менен негиздеди.
Соттук каталар соттор тарабынан материалдык жана процесстик укуктун ченемдерин туура эмес колдонууну болжойт, аларды жоюусуз жогору турган сот тарабынан бузулган укуктарды, эркиндиктерди жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды, ошондой эле мыйзам менен корголуучу коомдук кызыкчылыктарды калыбына келтирүү жана коргоо мүмкүн эмес. Соттук ката кѳбүнесе соттун иш жыйынтыгынын процесстик укуктун ченемдеринде бекитилген сот ѳндүрүшүнүн максаттуу орнотмолору менен дал келишпестигине алып келет.
Жогору турган сот соттук каталарды оңдоону камсыз кылууга милдеттүү, аларды тапкан учурда тѳмѳн турган соттун даттанылып жаткан актын жокко чыгарат же анын маңызын ѳзгѳртѳт. Ал эми чечимди чыгарган сот тарабынан туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдоо чечимдин ѳзүнүн маңызын (мазмунун) ѳзгѳртүүгѳ алып келбейт.
Соттор тарабынан кетирилген туура эмес жазуулар жана арифметикалык айкын каталар түрүндѳгү техникалык мүнѳздѳгү каталарды классификациялап жана укуктун ченемдерин туура эмес колдонуу менен бир катар коюу болбойт. Бирок туура эмес жазуулар сѳздѳрдүн, кээ бир учурларда чечимдин ѳзүнчѳ бѳлүмдѳрүнүн маанисинин да бурмаланышына алып келет, ишке катышуучу жактардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууну оорлотот.
Ушуга байланыштуу, соттун чечимине, ал жарыялангандан кийин ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүүгѳ тыюу салууну тикелей орнотуучу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 206-беренеси соттук чечимдин ѳзгѳрүлбѳстүгүн камсыз кылууга багытталган, соттор тарабынан анын негизсиз колдонулушун болжобойт жана арыздануучунун ѳтүнүчтѳ кѳрсѳтүлгѳн конституциялык укуктарын бузуучу катары бааланышы мүмкүн эмес. Бул учурда ишке катышуучу жактардын процесстик укуктарынын кепилдиги болуп, аталган берененин 3-бѳлүгү менен каралган чечимге оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселе боюнча соттун аныктамасына жекече даттануу берүү мүмкүндүгү эсептелет. Сот чечимдин маңызын ѳзгѳртпѳстѳн аныктама чыгаруу жолу менен чечимде кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдоо жѳнүндѳ маселени кароого укуктуу.