(Кыргызча) Анкарада Түркиянын Конституциялык сотунун 60 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүп жатат

25.04.2022

(Кыргызча)

Бүгүн Түркиянын борбору Анкарада Түркиянын Конституциялык сотунун 60 жылдыгына арналган «Адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы Конституцияны чечмелөө» аттуу эл аралык конференция өз ишин баштады.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан конференцияга Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары К.А. Дуйшеев катышууда.

 

Конференциянын иши «Адамдын негизги укуктары менен эркиндиктеринин көлөмүн аныктоодо конституциялык чечмелөөнүн таасири» «Адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин чечмелөөгө эл аралык укуктун таасири» жана «Конституциялык сот адилеттиги жаатындагы эл аралык кызматташтыктын мааниси» аттуу үч секциялык отурумдун алкагында өткөрүлөт.

 

Иш-чарага ошондой эле чет өлкөлөрдүн конституциялык контролдоо органдарынын төрагалары жана судьялары, илимий чөйрөнүн жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.