(Кыргызча) Конституциялык сот өзүнүн укуктук позицияларынын базасына кирүү мүмкүнчүлүгүн ачты

20.07.2022

(Кыргызча)

Конституциялык сот Негизги Мыйзамга ылайык конституциялык түзүлүштүн негиздерин, адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, Конституциянын үстөмдүгүн жана түздөн-түз колдонулушун камсыз кылуу максатында конституциялык сот өндүрүшү аркылуу конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат.

 

Жалпы юрисдикциядагы соттордун чечимдеринен айырмаланып, Конституциялык соттун чечимдери конституциялык сот өндүрүшүнүн түздөн-түз катышуучуларына гана эмес, бүтүндөй коомго таасир этет. Конституциялык соттун чечимдеринде баяндалган укуктук позициялар анын ишинин негизги көрүнүштөрүнүн жана натыйжаларынын бири болуп саналат. Алар анын чечимдерин алдын-ала аныкташат жана милдеттүү мүнөзгө ээ.

 

Конституциялык соттун укуктук позицияларын ишке ашыруу тажрыйбасы алар мамлекеттик мыйзамдарды өркүндөтүүнүн детерминанты болуп саналаарын, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жана жаңы мыйзамдарды кабыл алуунун себеби болуп саналаарын күбөлөндүрөт.

 

Коомчулуктун конституциялык сот адилеттиги чөйрөсүндөгү укуктук маалыматка кеңири жетүүсүн камсыз кылуу зарылдыгын, ошондой эле конституциялык сот тажрыйбасынын ырааттуулугун камсыз кылуунун негизги артыкчылыктарын эске алуу менен, Конституциялык сот соттун укуктук позицияларынын базасы менен тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө. Укуктук позициялардын базасы менен Конституциялык соттун сайтынан төмөнкү шилтеме аркылуу таанышса болот https://constsot.kg/.../07/baza_2013-2022_gg_dlya_sajta.pdf