(Кыргызча) Конституциялык соттун төрагасы Эмил Осконбаевдин Кыргыз Республикасынын адвокатынын (жактоочусунун) күнүнө карата куттуктоосу

02.03.2022

(Кыргызча)

Урматтуу адвокаттар (жактоочулар)!

 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын адвокатынын (жактоочусунун) күнү менен куттуктайм!

 

Сиздин ишмердүүлүгүңүз биздин коом үчүн өтө маанилүү. Адвокат бул жөн гана кесип эмес, адвокат болуу бул чоң эмгек жана чоң жоопкерчилик.

 

Принципиалдуулук, өзүнө жогору талап коюу, максатка умтулуу жана өжөрлүк жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин ийгиликтүү коргоого жардам берет. Чындыктын жана адилеттиктин идеалдарына ишенимдүү бойдон калуу менен, Cиздер мындан ары да тандалган жол менен – жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнү уланта бересиздер деп ишенем!

 

Ушул майрам күнү Сиздерге кесиптик жана чыгармачылык ийгиликтерди, чың ден соолук, чоң бакыт жана бакубатчылык каалайм!