(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊешинин 2021-жылдын 13-августундагы Чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешиндеги судьялардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди кароонун тартиби жөнүндө Убактылуу Жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз
20.04.2022
(Кыргызча)
Бүгүн, 20-апрелде Конституциялык сот жаран Ж. Калкожоевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊешинин 2021-жылдын 13-августундагы Чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешиндеги судьялардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди кароонун тартиби жөнүндө Убактылуу Жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.
Конституциялык сот өз чечиминде бул Жобо ченемдик укуктук актынын бардык белгилерине ээ экенин жана конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында текшерилүүгө тийиш экендигин белгилеген.
2008-жылдын 9-июлундагы редакциясындагы «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык, судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарына таандык. Бирок, 2021-жылдын 5-майындагы Конституциянын күчүнө киришине байланыштуу судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу маселелерин кароо соттук өз алдынча башкаруунун шайлануучу органынын – жалаӊ гана судьялардан турган Судьялар кеңешинин карамагына өткөрүлүп берилген, ал эми Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын иши токтотулган. Ошонун негизинде Судьялар кеңеши өз актысы менен тиешелүү конституциялык Мыйзам кабыл алынганга чейин судьялардын жоопкерчилиги жөнүндө маселелерди кароонун тартиби жөнүндө Убактылуу Жобону кабыл алган.
Конституциялык сот сот адилеттигин ишке ашыруунун фундаменталдык принциптери Баш Мыйзамда априори эч кандай шек жаратууга мүмкүн болбогон бийик жана буйруктук эскертүүлөр менен баяндалганы бекеринен эмес экенин белгиледи. Адилеттүүлүктүн эң жогорку социалдык функциясы – чындыкты орнотуу жана адилеттүүлүктү калыбына келтирүү, мыйзамдуу жана мыйзамсыз деген түшүнүктөрдү аныктоо, ар кимди жасаган ишине жараша тиешелүү жазалоо, өзүнүн да, бүтүндөй коомдун да кызыкчылыгы үчүн, акыл насаат ирэтинде күнөөлүүлөрдү өз убагында жазалоо, башка жол менен чечилбес чыр-чатактарды жана талаштарды чечүү. Демек, адилеттүүлүк адамдын тагдырына гана эмес, коомдун адеп-ахлактык жана руханий абалына, анын андан аркы өнүгүү векторуна, жада калса келечек муундардын тагдырына да түздөн-түз таасирин тийгизип, көп учурда өзгөртө турганы айдан ачык.
Өзүнүн максаты, мазмуну, ошондой эле адилеттүүлүктүн кесепеттеринин тагдырлуу мааниси боюнча аны ишке ашырууга ыйгарым укуктарга ээ болгон адамдар ар кандай башка бийликтен ашкан күчкө ээ болгон тагдырлардын арбитрлерине теңештирилет. Булардын бардыгынан тышкары аларга сот адилеттигин ишке ашырууда алардын толук көз карандысыздыгын жана күнүмдүк турмушта ар тараптуу коопсуздукту камсыз кылуучу башка бир дагы кызмат адамында болбогон конституциялык-укуктук кепилдиктердин комплекстүү спектри каралган.
Демек, сот адилеттигин ишке ашыруу сыяктуу табиятынан чексиз ыйгарым укукту чектөөчү күч катары чыга турган чаралардын системасы түзүлбөсө, ал жалпы адамдык жана мамлекеттик негиздерден кайтарылгыс четтөөлөргө, бардыгына жол берүүчүлүккө, ар кандай кыянаттыктарга жана акырында, мамлекеттүүлүктүн негиздерин бузууга алып келмек.
Муну болжоп, Баш Мыйзам судьялардан өз ишине жана жүрүм-турумуна кынтыксыз мамиле кылууну талап кылат. Ошентип, Конституциянын 96-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары өздөрүнүн жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турган учурда ээлеген кызматтарын ээлейт жана ыйгарым укуктарын сактап калышат. Судьянын кынтыксыз жүрүм-турумуна карата талаптарды бузуу судьяны конституциялык мыйзамдарда аныкталган тартипте жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.
Судьяны жоопкерчиликке тартуу мүмкүнчүлүгү, чындыгында, анын ыйгарым укуктарын жана жеке кол тийбестигин тең салмактоонун бирден-бир куралы болуп саналат жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруу сыяктуу эӊ маанилүү мамлекеттик функцияны ишке ашырууда бардыгына жол берилгендикти өткөрүп жибербөөгө багытталган. Мында, тең салмактоочу касиетти бузууга жол берилбегендиктен, судьялардын жоопкерчилик системасы үзгүлтүксүз болууга тийиш жана эч кандай себептерге карабастан токтотулушу мүмкүн эмес.
Талашылып жаткан Жобонун укуктук жөнгө салуусу Судьялар кеңешинин ишинин уюштуруу жол-жоболоруна тиешелүү жана жалпысынан судьялардын кынтыксыз жүрүм-турумун жана алар бул талаптарды бузган учурда алардын сөзсүз жоопкерчилигин камсыз кылуу боюнча конституциялык талаптарды ишке ашырууга багытталган. Демек, бул жарандардын соттук коргоого болгон укугун бузат, анткени анда судьяларды негизсиз (мыйзамсыз) жоопкерчиликке тартуу каралган деген арыз ээсинин жүйөлөрү туура эмес.
Судьялардын тартиптик жоопкерчилик маселелерин талашылып жаткан Жобону кабыл алуу түрүндө убактылуу жөнгө салуу судьялардын жана сот бийлик бутагынын көз карандысыздыгына кол салуу катары каралышы мүмкүн эмес, конституциялык маанилүү баалуулуктардын көз карашынан алганда объективдүү негизделген жана Конституциянын нормаларына карама-каршы келбейт.