(Кыргызча) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз
02.12.2020
(Кыргызча)
2020-жылдын 2-декабрында Конституциялык палата Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38, 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө конституциялык Мыйзамды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.
Арыздануучулар, талашылып жаткан конституциялык Мыйзам тийиштүү убакыттык аралыктарды сактоосуз жана коомдук талкууну ѳткѳрбѳстѳн бир убакытта үч окуудан мыйзамдарда орнотулган тартипти бузуу менен кабыл алынган деп билдиришкен. Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жѳнүндѳ» Мыйзамдын 55-беренесинин 10-бѳлүгүнүн 8-пунктуна негизсиз шилтеме жасаган, ага ылайык ѳзгѳчѳ кырдаалда же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу мыйзам долбоорлорун кабыл алууга жол берилет, бирок ѳлкѳ бул абалдардын бирѳѳндѳ да болгон эмес. Андан тышкары, талашылып жаткан акттын 1-беренесинде келтирилген бардык башка максатар мыйзам чыгаруу процессинин бекитилген стадияларын буйтап, ылдамдатылган тартипте аны кабыл алуу үчүн негиз болушу мүмкүн эмес.
Конституциялык палата, ѳлкѳ токтоосуз мыйзам чыгаруучулук реакцияны талап кылган ѳзгѳчѳ кырдаалдардан корголгон эмес экенин тааныды, ошондуктан мыйзам долбоорлорун ылдамтылган режимде кабыл алуу мүмкүн болгон ѳзгѳчѳ учурларды бекитүү укугунун мыйзам чыгаруучуда болушун жѳндүү деп эсептейт. Бул учурларда бардык процедуралык маселелер, анын ичинде мыйзам долбоорлорун коомдук талкуулоо мыйзам чыгаруучулук кийлигишүүнүн ыкчамдуулугунун маанисин жокко чыгарбашы керек.
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-р буйругуна ылайык 2020-жылдын 22-мартынан тартып пандемияга жана коронавирус инфекциясынын тарашына байланыштуу ѳзгѳчѳ кырдаал режими киргизилген, ал азыркы убакытка чейин сакталууда.
Андан тышкары, коомдун тийиштүү бѳлүгүнүн шайлоонун жыйынтыгына жана иштеп жаткан шайлоо системасына болгон нааразычылыгы менен шартталган, 2020-жылдын 5-6-октябрында болуп ѳткѳн окуялар массалык баш аламандыктар менен коштолгон жана социалдык туруксуздуктун бардык сапаттарына ээ болгон. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын мастштабдуу социалдык-саясий кризис абалында болуу фактысынын талашсыздыгын тануу мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу Жогорку Кеңеште талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды анын Регламентинде каралган ѳзгѳчѳ режимде кабыл алуу үчүн бардык формалдык негиздер болгон.
Талашылып жаткан конституциялык Мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын шайлоо жараксыз жана болбой калды деп таанылган учурда кайра шайлоону ѳткѳрүү тартибин регламенттеген 38 жана 63-беренелеринин колдонулушу токтото турулган, бул арыздануучулардын пикири боюнча эркин орнотулуучу убакыттык чектердин арасында жарандардын шайлоо укугун чектѳѳ болуп саналат.
Жалпы укуктук мааниде укуктарды жана эркиндиктерди чектѳѳ субъектке мурда берилген укуктарды жана эркиндиктерди мүмкүн болгон жүрүм-турумдун ар кандай чектерин орнотуу же болбосо толук тыюу салуу жолу менен тарытууну же болбосо санын азайтууну билдирет.
Ошол эле учурда, талашылып жаткан конституциялык Мыйзам шайлоо мыйзамдарынын системасынан кайра шайлоону ѳткѳрүү процедурасын биротоло жойгон эмес, башкача айтканда, жарандардын шайлоо укугун жокко чыгарбайт, тарытпайт жана алардын кѳлѳмүн азайтпайт, шайлоо процессинин кээ бир механизмдеринин колдонулушун убактылуу токтотот.
Ошентип, шайлоону жылдыруу, анын ичинде эл аралык укуктун ченемдеринин кѳз карашында, эгер ал ѳзүнѳ бүткүл коомдун кызыкчылыктарына зыян келтирүү коркунучун камтыган кризистер менен пайда кылынган ѳзгѳчѳ зарылчылык менен шартталса жѳндүү.
Ушуну менен бирге, шайлоо процессинин адилеттүүлүгү бекитилген процедураларды жана мѳѳнѳттѳрдү сактоодон кѳз каранды, демек, шайлоону кечирээк мѳѳнѳткѳ жылдыруу учурунда мындай чечим объективдүү жагдайлар менен бекемделиши керек жана мындай жылдыруунун максаттарына ѳлчѳмдѳш болууга тийиш.
Талашылып жаткан Мыйзамдын 2-беренесине ылайык шайлоону ѳткѳрүү 8 айга чейин жылдырылат, бул Конституциялык палатанын пикири боюнча чектен тыш жана объективдүү себептер менен акталуу эмес болуп саналат. Кайра шайлоону ѳткѳрүүнүн негизсиз узак мѳѳнѳтүн орнотуу шайлоочулардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин жоготуу тобокелине алып келет жана демократиялык принциптерге олуттуу зыян келтирет. Бирок алар талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таануу үчүн жетиштүү деп эсептелиши мүмкүн эмес, анткени шайлоону жылдыруу ѳзүнүн маңызы боюнча шайлоонун мезгилдүүлүгүн жана милдеттүүлүгүн жокко чыгарбайт, жарандардын шайлоо укугун тарытпайт жана башка жол менен чектебейт.
Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясынын баасы боюнча талашылып жаткан акт анык демократиялык принциптерди чагылдырбайт жана эч кандай конституциялык жоболорду ачык бузбайт.
Арыдануучулар Жогорку Кеңештин депутаттары беш жылдык мѳѳнѳткѳ шайланат, ал эми алардын ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтү бүттү, ошондуктан алардын конституциялык реформага катышуусу болжолдуу конституциялык ѳзгѳртүүлѳрдүн легитимдүүлүгүндѳ алдын ала күмѳндүүлүктү туудурат деп кѳрсѳтүшѳт. Жогорку Кеңештин иштеп жаткан чакырылышы тарабынан ѳзүнүн легитимдүүлүгүн 5 жылдык мѳѳнѳттѳн ары узартуусу мыйзамсыз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы Жогорку Кеңештин депутаттары ѳзүнүн ыйгарым укуктарын жүзѳгѳ ашырууга укуктуу болгон так мѳѳнѳттү гана эмес, бул ыйгарым укуктар токтотулуш үчүн милдеттүү болгон шарттарды да орнотот. Бул конституциялык орнотмолордун милдети алар ѳзүнүн бирдиктүүлүгүндѳ бир жагынан бийлик органдарынын алмашуучулук демократиялык принцибин кепилдѳѳсүндѳ, экинчи жагынан мамлекеттик бийлик органдарынын системасында мыйзам чыгаруу бутагынын жашоого жѳндѳмдүүлүгүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздашында камтылат. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциясы мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын узартуу максатын кѳздѳбѳйт, бийликти бѳлүштүрүү принцибинин негизинде мамлекеттик бийликти түзүүнүн конституциялык конструкциясын сактоону талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик механизмдин түзүмүндѳгү ролу мыйзам чыгаруу бийлигин жүзѳгѳ ашырууда гана камтылбайт. Аны менен бир катар парламент ѳкүлчүлүктүү жана контролдук функцияларын ишке ашырат, ошондой эле ѳтѳ маанилүү мамлекеттик маселелерди чечет. Мыйзам чыгаруу органынын бул инструментарийлери ѳзүнүн жыйындысында бийлик бутактарынын арасындагы тең салмактуулукту камсыз кылууга, кармоолор жана каршы салмактар системасынын тийиштүү иштѳѳсүнѳ мүмкүндүк берет.
Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясынын Корутундусуна ылайык Конституциянын 71-беренесинин 3-бѳлүгүнүн максаты институционалдык вакуумдун ар кандай формасын алдын ала болтурбоодо турат. Мамлекеттин функциялары ар дайым токтоосуз жана тыныгуусуз камсыз кылынышы керек.
Мыйзам чыгаруу органынын мандатын ѳзүндѳ сактоо менен, Жогорку Кеңеш пролонгация мезгилинде ѳз ишмердигинде акылдуу сабырдуулук принбин жетекчиликке алууга милдеттүү. Башка сѳздѳр менен айтканда, Жогорку Кеңеш ѳзгѳчѳ зарылдык менен шартталган жана кечиктирилбес мүнѳзгѳ ээ болгон чечимдерди кабыл ала алат, башкача айтканда, ѳлкѳдѳгү социалдык саясий кырдаалды турукташтырууга, ар түрдүү кризистерди жана социалдык кыйындыктарды жеңүүгѳ, укук тартибин, мамлекеттин жана калктын коопсуздугун, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн ишмердүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле бийликти бѳлүштүрүү принцибинин натыйжалуу иштѳѳсүн колдоого багытталган.
Конституциялык реформаны ѳткѳрүү зарылдыгы сыяктуу талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алуунун негизи арыздануучулардын тынчсыздануусуна алып келүүдѳ, анткени Жогорку Кеңештин иштеп жаткан чакырылышынын ага катышуусу Конституцияга болгон болжолдуу конституциялык ѳзгѳртүүлѳрдүн легитимдүүлүгүндѳ алдын ала күмѳндүүлүктү туудурат.
Конституциялык палата, Конституциянын туруктуулугу принцибин сактоонун ѳзгѳчѳ маанилүүлүгүн баса белгилѳѳ менен, талашылып жаткан конституциялык Мыйзам ѳзүнүн жѳнгѳ салуу предмети боюнча конституциялык реформанын акты болуп эсептелбейт деп белгилейт. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин талашылып жаткан конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинде баяндалган ниети конституциялык реформаны ѳткѳрүү тууралуу буйрууну же ѳкүмчүл тапшырманы камтыган укуктун ѳз алдынча ченеми катары бааланышы мүмкүн эмес. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы каралып жаткан иштин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жасай элек иш аракеттеринин укуктуулугуна баа бере албайт, анткени талашылып жаткан конституциялык Мыйзам конституциялык реформаны ѳткѳрүүнүн юридикалык негизи болуп эсептелбейт.
Тѳрага К. Дуйшеев
Судья-баяндамачы Э. Осконбаев