(Кыргызча) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» 2013-ж. 16-октябрында кабыл алынган № 192 КР Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бѳлүгүнүн сегизинчи абзацынын, 2-беренесинин 2-бѳлүгүнүн, 3-беренесинин 1-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ
(Кыргызча)
Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бѳлүгүнүн сегизинчи абзацы, 2-беренесинин 2-бѳлүгү, 3-беренесинин 1-бѳлүгү Конституцияга ылайык келбейт деп чечим чыгарды, аларда тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетекчи органы тарабынан депутатты чакыртып алууга жол берилген.
Бүгүн Конституциялык палата, мурда Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин депутаттары болуп эсептелген жана тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде «Ѳнүгүү» саясий партиянын жетекчи органы тарабынан чакыртып алынгандар жаран А.Ш. Осмонованын жана А.А. Тагаевдин кайрылуусун карап чыкты.
Арыз ээлеринин пикири боюнча, саясий партиянын жетекчи органына берилген сыяктуу укук, жарандардын шайлоого жана шайланууга болгон укуктарын бузат, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаты эл тарабынан шайлангандан кийин бир нече депутаттардан турган фракциянын сунушу менен партиянын жетекчи органы тарабынан кайра чакыртылып алынуусу конституциялуу эмес билдиришкен.
Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп чыгып, тараптардын жүйѳѳлѳрүн угуп, тѳмѳнкүдѳй тыянактарга келди.
Талашылып жаткан Мыйзамдын жоболору түздѳн-түз шаардык кеңештерге тийиштүү.
Конституциянын 112-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында жашаган жарандар тарабынан Мыйзамда белгиленген бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен шайланат.
Жергиликтүү кеңешке депутаттыкка койгон талапкерлерди шайлоо - жарандардын эркинин билдирүүсүнүн түздѳн-түз аракети болуп саналат. Артыкчылыктык түрдѳ жергиликтүү деңгээлде ѳздѳрүнүн ѳкүлдѳрүн шайлоого мүмкүнчүлүгү бар жалгыз субъект катары жергиликтүү жамаат эсептелинет.
Ошентип, жергиликтүү кеңештин депутаттары элдин ѳкүлчүлүктүү органы аркылуу элдик суверенитет принцибине ылайык жергиликтүү жамааттын бийлигин алып баруучулар болуп эсептелинет.
Шайлоонун негизинде жана шайлоонун жыйынтыгы боюнча гана талапкер жергиликтүү кеӊештин депутаты деген кызматты ээлейт. Бул статус боюнча депутат жалпы жамааттын кызыкчылыгын коргоого милдеттүү.
Бирок, кээ бир мыйзамдарга талашылып жаткан Мыйзамы менен киргизилген толуктоолор, жергиликтүү кеңештин депутаттын партиялык императивдик мандатын бекиткен.
Ар бир жаран Конституцияда кепилденген шайланууга болгон укугун талапкер катары партиялык тизме аркылуу ишке ашырып, шайлоонун жыйынтыгы боюнча депутаттык статуска ээ болуп, ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органы аркылуу элдин бийлигин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алат. Ушул жагдайда шаардык кеңештин депутатын тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетекчи органы ѳз билемдик кылып чакыртып алуу саясий партияларга жарандын шайлануу укугунун маңызынын бузулушуна шарт түзѳт. Мындан тышкары, ушул сыяктуу жобо Конституцияда бекитилген демократиялык принциптерди, ошонун ичинде элдик суверенитет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кѳз карандысыздык принциптерин бузууга алып келет (2-берененин 1, 2-бѳлүктѳрү, 110-берененин 1-бѳлүгү).
Төрагалык кылган Мукамбет Шадыканович Касымалиев
Судья-баяндамачы: Джумадил Макешович Макешов