ек
(Кыргызча)
2014–жылдын 4-июлунда Конституциялык палата Эмгек кодексинин 84-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 3-абзацы Конституцияга ылайык келет деп чечим чыгарды, ал берене ылайык уюмдун жетекчисин, анын орун басарларын, кызматка мамлекеттик бийлик же башкаруу органдары, ошондой эле коомдук уюмдар жана башка жарандардын бирикмелери тарабынан шайлануучу, бекитилүүчү же дайындалуучу жетекчи кызматкерлерди иштен бошотуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда эмгек келишимин бузууга кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу талап кылынбайт.
Ушул ченем Конституцияга дал келбейт деп жаран К.А. Джансеитовдун кызыкчылыгындагы жаран Т.Дж. Саатов Конституциялык палатага кайрылган, жаран К.А. Джансеитов Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертиза мамлекеттик борборунун директорунун орун басары болуп иштеген жана «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин «д» пунктунун алтынчы абзацына ылайык кызматынан бошотулган.
К.А. Джансеитов сот органдарына кайрылууга талаптарынын бири, бул КР Юстиция министрлиги, ал мүчөсү болуп саналган профсоюз уюмунан аны бошотуу жѳнүндѳ алдын ала макулдук албагандыгы менен бошотуу жол-жобосун бузгандыгы болду.
Арыз ээсинин пикири боюнча, Эмгек кодексинин талашка түшкөн ченемдери кѳмүскѳ түрдө мекеменин жетекчилерин профсоюз уюмунун катарынан чыгууга жана анын кызматынан колдонбоого мажбурлайт, бул биригүү эркиндигине болгон укуктарынан ажыратат; эмгек укуктарында жана эркиндиктериндеги бардык чектөөлөр же аларды ишке ашыруу учурунда кандайдыр бир артыкчылык берүү кодулоо болуп саналат; мекемелердин жетекчилери, алардын орун басарлары катардагы кызматкерлерге салыштырмалуу алардын эмгектик укугун жана эркиндигин коргоо боюнча кемсинтилген абалда болуп калышкан.
Конституциялык палата тараптардын жүйѳлѳрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, тѳмѳнкүдөй тыянактарга келди.
Кыргыз Республикасы өздөрүн эмгекке болгон укугун жана экономикалык эркиндикке, мыйзам тарабынан тыюу салынбаган экономикалык ишкердүүлүк үчүн өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн эркин колдонууга болгон укугун жүзөгө ашырууда кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн укуктары менен эркиндиктерин бирдей даражада кепилдеген социалдык мамлекет болуп эсептелет.
Профсоюзга окшогон коомдук бирикмелерди түзүү биригүүгө болгон эркиндик укугунун аркасында ишке ашырылат, бул укуктун негизинде жарандардын эркин билдирүү ыктыярдуулугу жатат – бирикме түзүү жана анын мүчөсү болуу, бул Конституциянын, эл аралык укуктун жана улуттук мыйзамдардын ченемдери менен жар салынган.
Конституция, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин теңдигин кепилдөө менен, жана ошондой эле жарандардын укуктарын кодулоонун бардык түрлөрүнө тыюу салуу менен, эмгек жана иш менен камсыз кылуу тармагында жөнгө салууну ишке ашыруу учурунда – ар кайсы категорияларга кирген адамдардын укуктук статусунда айырма орнотууда мыйзам чыгаруучуга тыюу салбайт (ишмердүүлүгүнүн түрү жана шарты боюнча), анын ичинде, эгер бул айырма өзүн өзү актаса жана негизделген болсо, конституциялык маанилүү максаттарга туура келсе, алар менен эмгектик мамилелерин токтотууга байланышкан өзгөчө эрежелерди киргизүүгө тыюу салбайт.
Уюмдун жетекчисинин, анын орун басарынын жана башка жетектөөчү кызматкерлердин укуктук жоболору башка кызматчылардын статусунан айырмаланып турат, бул анын уюмду башкаруу тутумундагы эмгек ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгү менен шартталган. Белгилей кетүү керек, уюмдун аталган субъекттери эмгек мамилелеринде иш берүүчү тарапта болушат жана анын атынан юридикалык маанилүү аракеттерди жасашат. Буга ылайык, иш берүүчүнүн демилгеси менен иштен бошотулган учурда өздөрүнүн эмгектик укуктарынын кесиптик бирликтер же башка өкүлчүлүк органдар тарабынан корголушуна ээ боло албайт, анткени эмгек мамилелеринде эки башка тарапта турушкандыктан алардын кызыкчылыктары башка кызматкерлердин кызыкчылыктары менен дал келбейт.
Ошентип, мыйзам чыгаруучу уюмдун жетекчисинин, анын орун басарынын жана уюмдун башка башкаруучу кызматкерлеринин ишинин мүнөзү менен мазмунунун алардын аткарган эмгектик милдеттеринин объективдүү өзгөчөлүктөрүн эске алып, мыйзам чыгаруучу алар менен эмгек келишимин бузуунун өзгөчө эрежелерин карай алат, ал эми бул болсо Конституциянын 16-беренесинде кепилденген баарынын мыйзам жана сот алдында тең укуктуулугун бузуу катары бааланбайт.