(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 352-беренесинин 2-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

(Кыргызча)

2014-жылдын 31-октябрында Конституциялык палата эгерде толук эмес жана бир жактуу жүргүзүлгөн соттук териштирүүнүн натыйжасында аларды белгилөө өкүмдү чыгарууда олуттуу мааниге ээ болушу мүмкүн болгон жагдайлар аныкталбай калса, өкүм жокко чыгарууга тийиш деп каралган Жазык-процесстик кодексинин 352-беренесинин 2-бѳлүгүнүн ченемдик жобосу Конституцияга карама-каршы келбейт деген чечим чыгарды.

 

Арыз берүүчүлөрдүн пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 352-беренесинин 2-бөлүгү күнѳѳсүздүк жоромолун, бардыгынын мыйзам жана сот алдында бирдейлигин жана тараптардын тең укуктуулугун жана атаандаштыгынын сот адилеттигине жөнөтүү конституциялык принциптерин бузуп жатат.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөѳлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

Сот адилеттиги өзүнүн мааниси боюнча адилеттүүлүктүн талаптарына жооп берип жана укуктарды натыйжалуу коргоону камсыздайт. Мыйзам чыгаруучу аны жөнөтүү тартибин орнотуу менен сот адилеттүүлүк, башкача айтканда мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү соттук чечимдерди чыгарууга кепилдик бере турган механизмди орнотууга анын ичинде жогору турган сот тарабынан ишти кайра кароого укукту камсыздоочу процедураларды кароого милдеттүү.

 

Кыргыз Республикасында сот бийлиги конституциялык, жарандык, административдик, жазыктык жана сот өндүрүшүнүн башка тариздери менен аркылуу бардыгы үчүн сот өндүрүшүнүн сот адилеттигинин жалпы принциптеринин негизинде, анын ичинде судьялардын көз карандысыздыгы, алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамга гана баш ийүүсү, тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде - ар бир сот өндүрүшүндө карап чыгуу предметин аныктаган материалдык укуктук мамилелердин табияты жана өзгөчөлүктөрүнө карабастан жүзѳгѳ ашырылат.

Соттук катчылыкты оңдоо механизмин түзүү максатында мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде сот актыларын кайра кароонун жол-жоболорун апелляциялык тартипте, кассациялык, кѳзѳмѳл тартибинде же жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароо тартибинде караштырган.

Апелляциялык инстанциядагы сот иштин фактылай жагдайларын белгилөөнүн жана жазык мыйзамынын колдонуунун тууралыгын, ошондой эле ишти кароодо жана чечүүдө жазык процесстик мыйзамдын сакталышын текшерет; биринчи инстанциянын соттун өкүмүн жокко чыгарат же өзгөртөт, анын ичинде негиздеринин бири болгон жазык-процесстик мыйзамдагы көптөгөн мыйзам бузуулар болсо да.

 

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 352-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболору биринчи инстанциянын соту тарабынан жол берилген жазык-процесстик мыйзамдагы маанилүү мыйзам бузууларды жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Ошону менен талаштагы ченемдик жоболор соттук коргоого, анын ичинде ишти андан жогору турган сот тарабынан кайра карап чыгуу укугуна болгон конституциялык укукту камсыздоого багытталган. Ошол эле учурда апелляциялык инстанциянын соту тарабынан конституциялык экендигине карата талашта түшкѳн ченемди колдонуу сот өндүрүшүнүн катышуучуларына таандык болгон процесстик укуктарды ишке ашырууга тоскоол болбойт жана өзүнүн укуктук мааниси боюнча тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулук принциптерин бузбайт.

Кассациялык жана көзөмөл инстанциялардын сот өндүрүш мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды оңдоого арналган жана соттук актылардын мыйзамдуулугуна кошумча кепилдик катары колдонулат. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун актысы мурдагы соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жана иштин жыйынтыгын аныктаган отурумда жол берилген соттук катачылыктардын жыйынтыгында жаңылышкан соттук актыны бузуу же өзгөртүүсүз калыбына келтирүүгѳ болбогон укуктар жана мыйзамдуу кызыкчылыктар бузулган учурларда гана өзгөртүлүшү мүмкүн.

 

Бул иш боюнча Конституциялык палатанын судья Э.Ж.Осконбаевдин ѳзгѳчѳ пикири бар.

 

Тѳрагалык кылуучу            Касымалиев Мукамбет Шадыканович

Судья-баяндамачы               Осконбаев Эмиль Жолдошевич