(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 184-беренесинин 3-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ
(Кыргызча)
Конституциялык палата 2014-жылдын 9-июлунда тинтүү жана алып коюу, ошондой эле турак жайда тинтүү жана алып коюу прокурордун санкциясы менен тергөөчүнүн жүйөөлүү токтому боюнча калыс күбөлөрдүн катышуусу менен жүргүзүлөт деген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 184-беренесинин 3-бѳлүгү Конституцияга карама-каршы келет деп чечим чыгарды.
Кѳрсѳтүлгѳн ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ Конституциялык палатага жаран Н.А. Токтакунов кайрылган, ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 184-беренесинин 3-бѳлүгүндѳ тинтүү жана алып коюу жүргүзүү тартиби, прокурордун санкциясы менен бекитилген тергѳѳчүнүн токтомунун негизинде эмес, а Конституциянын 30-беренесинин 2-бѳлүгүндѳ кѳрсѳтүлгѳндѳй, сот актысынын негизинде гана жол берилет деп эсептейт.
Конституциялык палата тараптардын жүйѳѳлѳрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, тѳмѳнкүдөй тыянактарга келди.
Конституцияга ылайык адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет. Алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маанисин жана мазмунун аныктап турат (16-берененин 1-бѳлүгү).
Конституцияда жана эл аралык укуктук актыларда жар салынган турак жайдын кол тийбестиги принциби адамдын жеке турмушунун кол тийбестигине болгон укукту, жеке адамдык жана үй бүлөлүк жашырын сырларды сыйлоону, инсандын ар намысы менен аброюн сыйлоону камсыз кылат, бул өзгөчө жазык сот өндүрүшүнүн алкагында маанилүү, анткени бул укуктар турак жайга кирип баруу менен байланышкан процессуалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу учурунда кыйла көбүрөөк деңгээлде чектелет.
Турак жайдын кол тийбестигин дал ушундай жагдайга байланыштуу чектөө, Конституцияга ылайык, жеке менчикте жана башка укукта болгон турак-жайда жана бөлөк объектилерде тинтүү, алып коюу, кароо жана башка аракеттерди жүргүзүү үчүн, аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсү үчүн соттун актысынын негизинде гана жол берилет (30-берененин 2-бѳлүгү).
Ошондуктан, турак жайдын кол тийбестигине болгон укукту чектөөнүн ар бир конкреттүү окуясынын конституциялык маанилүү максаттарга шайкештигине жана адекваттуулугуна алдын ала соттук акты менен жетишип алуу керек.
Сот актысы тергөөчүнүн ар бир өзүнчө окуяда аткарган аракеттеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерип туруудагы майнаптуу каражат болуп саналат, анткени соттун нейтралдык статусу айыптоочу тараптын жана жактоочу тараптын далилдери менен ой-пикирлерине байланып калбоого мүмкүндүк берет, ал тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун конституциялык принцибин ишке ашыруу менен, жазык иликтөө органы тарабынан процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүүсүнүн зарылдыгын калыс баалайт.
Соттук кѳзѳмѳл, коомдук процессуалдык органдардын оюна келгендей иш-аракеттерди жана чечимдерди кылбоосуна кепилдик берет жана инсандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылат.
Чечимди кабыл алынганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине Конституциянын талаптарынан жана чечимден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.
Ушул иш боюнча судья Э.Ж. Осконбаевдын ѳзгѳчѳ пикири бар.
Төрагалык кылган Мукамбет Шадыканович Касымалиев
Судья-баяндамачы: Эркинбек Тобокелович Мамыров