(Кыргызча) Жазык-процесстик кодекстин 29-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

(Кыргызча)

Кызматтык кылмыштарды жасаган адамдар жазык жоопкерчилигинен бошотулбайт, ушундай чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан кабыл алынды.

Конституциялык палатага кызмат адамдары менен жасалган кылмыштар жѳнүндѳ жазык ишинен тышкары, эгер адам коомдук коркунучтуу болбой калса жазык жоопкерчилигинен бошотуу менен жазык ишин кыскартууну караштырган ЖПКнын 29-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктунун конституциялуулугун таануу жѳнүндѳ жаран Б.М. Толоевдин өтүнүчү келип түшкөн.

 

Арыз ээсинин пикири боюнча, кѳрсѳтүлгѳн ченем акыл эси соо эмес абалда өлтүргөн же денесине залал келтирген адамга карата жазык ишин кыскартууга мүмкүндүк берет. Бирок, кызмат адамы тарабынан этиятсыздык менен жасалган анча оор эмес кылмыш кыскартууга жатпайт жана жазык ишин кароо жана козгоо учурунда кызмат адамдарын басмырлоо болуп саналат.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөѳлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмѳлѳрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 65-беренеси менен жөнгө салынган жазык жоопкерчилигинен бошотуу анча оор эмес кылмышты жасоо же чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды жасоо менен байланышкан.

Буга ылайык, кылмыштарды коомго коркунуч келтирүү мүнөзүнө жана деңгээлине жараша категорияларга бөлүү жазык жоопкерчилигин дифференциациялоонун маанилүү каражаты болуп саналат.

 

Мыйзам чыгаруучу, мамлекеттик жазык саясатынын тигил же бул өнүгүү этабынын багытына жараша, жазык жоопкерчилигинен бошотуунун жалпы жана атайын негиздерин аныктоого жана өзгөртүүгө, ошондой эле бул эрежелерден чыгарып салууну орнотууга укуктуу.

Конституциялуулук предметине талашка түшкөн Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун жоболорунун ченемдик жобосу болуп саналат. ЖПКнын ушул ченемдик жобосу кылмыштар категориясынын маңызына, ошондой эле алардын субъекттеринин статусуна негизделген. Ошентип, талашка түшкөн беренелер (304-315-беренелер) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 30-главасына («Кызматтык кылмыштар») таандык.

Ошентип, талашка түшкөн жободо каралган алып салуулар негизинен аталган кылмыштарды жасаган субъекттерге байланыштуу. Негизинен, бул мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына таандык.

 

Мамлекеттик кызматтын башкы максаты болуп, Конституция жана мыйзамдарда орнотулган принциптер менен жоболордун негизинде мамлекеттин иш милдеттерин жүргүзүү, анын маселелерин чечүү, коомдун жетиштүүлүгүн камсыз кылуу, элдик кызыкчылыкты канааттандыруу болуп саналат.

Кызмат адамдарына карата жазык жоопкерчиликке болгон чараларды күчөтүү, муниципалдык да, мамлекеттик кызмат дагы элдик кызмат болгондугу менен шартталган, аларга мамлекеттик маанидеги маселелерди чечүү жана калктын кызыкчылыгын канааттандыруу боюнча маанилүү иш милдеттер берилген. Буга байланыштуу, калктын кызмат адамдарына болгон ишеничинин деңгээлинен мамлекеттик бийликке болгон ишенимдин деңгээли көз каранды.

 

Демек, КЖКнын 304-315–беренелеринде (Кызматтык кылмыштар) каралган кылмыштар жѳнүндѳ жазык иштеринен тышкары, эгер адам коомдук коркунучтуу болбой калса, жазык жоопкерчилигинен бошотуу менен жазык ишин кыскартууну караган ЖПКнын 29-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктунун ченемдик жобосун, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскер түзүлүштөрүнүн кызмат адамдары болуп саналган кылмыш субъектилерине карата кандай колдонулса, ошондой кѳлѳмдѳ Конституцияга карама-каршы келбейт деп таанылды.

 

Бул иш боюнча судьялар Э.Ж.Осконбаевдин жана К.С.Сооронкулованын ѳзгѳчѳ пикири бар.