(Кыргызча) Алматыда коомдун жана мамлекеттин трансформациясындагы конституциялык контролдоонун эволюциясы талкууланды

26.08.2022

(Кыргызча)

Бүгүн, 2022-жылдын 26-августунда, Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) Казакстан Республикасынын Конституция күнүнө арналган "Коомдун жана мамлекеттин трансформациясындагы конституциялык контролдоонун эволюциясы" темасындагы эл аралык тегерек стол өтүп жатат.

 

Иш-чаранын уюштуруучусу Европа кеңешинин жана ЕСтин Борбордук Азиядагы укуктун үстөмдүгү боюнча 2020-2023-жылдарга карата программасы менен биргеликте Казакстан Республикасынын Конституциялык кеңеши болуп саналат.

 

Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев катышууда. Ал өз сөзүндө конституциялык контролдоонун алкагында жарандардын кайрылууларын кароо боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы менен бөлүштү.

 

Тегерек столдо чет өлкөлөрдүн конституциялык контролдоо органдарынын иш тажрыйбасы дагы талкууланып, аны казак кесиптештер "Казакстан Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгууда эске алууну пландаштырууда.

 

Иш-чарага Хорватиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын конституциялык контролдоо органдарынын судьялары, Казахстандын Конституциялык Кеңешинин судьялары жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү да катышууда.