(Кыргызча) Азия конституциялык cоттор ассоциациясынын 3-изилдөө конференциясы

16.06.2022

(Кыргызча)

2022-жылдын 15-16-июнунда «Жашоо укугу» темасында Азиянын конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттардын ассоциациясынын (AКСА) 3-изилдөө конференциясы болуп өттү.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын аналитика бөлүмүнүн улук консультанты С.Самсалиева жана эксперттик-аналитикалык башкармалыктын укуктук жана уюштурууну камсыздоочу бөлүмүнүн консультанты Н.Кененсариева катышты.

 

Конференция Кореянын Конституциялык сотунда жайгашкан АКСАнын Изилдөө жана өнүктүрүү катчылыгы тарабынан өткөрүлүүдө.
Иш-чара видеоконференция түрүндө өтүп, анын жүрүшүндө С.Самсалиева «Өмүр жана саламаттык үчүн экологиялык таза чөйрөгө болгон укук» деген темада тематикалык баяндама жасады.

 

Жалпысынан катышуучулар жашоого болгон укук маселелери боюнча пикир жана тажрыйба алмашып, тандалган теманын актуалдуулугун белгилешти.