(Кыргызча) Азиялык конституциялык соттордун жана эквиваленттүү институттардын ассоциациясынын Башкы катчыларынын жолугушуусу болуп өттү

31.03.2022

(Кыргызча)

Бүгүн, 31-мартта Азиялык конституциялык соттордун жана эквиваленттүү институттардын ассоциациясынын (AКCА) Башкы катчыларынын видеоконференц байланыш аркылуу жолугушуусу болуп өттү.

 

Жыйынга Конституциялык соттун аппарат жетекчиси Марат Жаманкулов жана эл аралык мамилелер жана мыйзамдарды салыштырма анализи секторунун башчысы Каныбек Масалбеков катышты.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар АКСАнын Уставына сунушталган өзгөртүүлөрдү жана Улан-Батор Декларациясынын долбоорун талкуулашты, алар кийинчерээк 2022-жылдын 30-июнунда Монголиянын Улан-Батор шаарында өтө турган АКСАнын V Конгрессинин талкуусуна коюлат.

 

Жыйында ошондой эле АКСАнын туруктуу органдарынын отчеттору угулуп, уюмдун ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашуу болуп, катышуучулар Ассоциациянын ишмердүүлүгүн мындан ары өнүктүрүү жана активдештирүү боюнча өз сунуштарын айтышты.

 

Эске салсак, Азиялык конституциялык соттордун жана эквиваленттүү институттардын ассоциациясы 2010-жылы адамзаттын жалпы конституциялык баалуулуктарын илгерилетүү максатында Азиянын конституциялык сот органдарынын аймактык форуму катары түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2015-жылы АКСАга мүчө болгон. Учурда Ассоциацияга 20 мамлекет – Азербайжан, Афганистан, Бангладеш, Индия, Индонезия, Иордания, Казакстан, Түштүк Корея, Кыргызстан, Малайзия, Мальдив аралдары, Монголия, Мьянма, Пакистан, Россия, Филиппин, Тажикстан, Таиланд, Түркия, Өзбекстан катышууда.