(Кыргызча) Душанбе шаарында конституциялык сот адилеттиги жана мыйзам үстөмдүгү маселеси талкууланууда

10.05.2022

(Кыргызча)

Бүгүн 2022-жылдын 10-майында Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында “Конституциялык сот адилеттиги жана мыйзам үстөмдүгү” деген темада эл аралык тегерек стол өтүүдө. Иш-чараны Венеция комиссиясы Тажикстан Республикасынын Конституциялык соту менен биргеликте уюштурган.

 

Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы М.Р. Бобукеева катышып, «Конституциялык сот адилеттигинин мыйзамдуулукту чыңдоого тийгизген таасири. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун иш тажрыйбасы» темасында доклад жасады.

 

Тегерек столдун иши үч секциялык отурумдун алкагында өткөрүлөт: “Мыйзамдуулуктун негизги конституциялык принциби”, “Конституциялык сот адилеттигинин мыйзамдуулукту бекемдөөгө тийгизген таасири” жана «Мыйзамдуулуктун принцибин калыптандырууда жана инсандын укуктарын коргоону камсыз кылууда Конституциялык соттордун ролу».

 

Иш-чарага Казакстан менен Өзбекстандын конституциялык контролдоо органдарынын судьялары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Венеция комиссиясынын эксперттери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү дагы катышууда.