(Кыргызча) Конституциялык соттун судьялары жалпы республикалык эл каттоого катышышты

29.03.2022

(Кыргызча)

Бүгүн, 29-мартта Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы жана судьялары Кыргыз Республикасынын элин жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышышты.

 

Судьялар сурамжылоонун формасы боюнча каттоочунун суроолоруна жооп беришти. Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен соттор жана алардын үй-бүлөлөрү тууралуу бардык маалыматты жеринде жазып алды.

 

Эске салсак, Кыргызстанда элди жана турак жайларды каттоо 25-мартта башталып, 2022-жылдын 3-апрелине чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында эл каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин жүргүзүлөт. Жалпы республикалык кампания биринчи жолу электрондук форматта өтүп жатат.