(Кыргызча) Конституциялык соттун Төрагасы Э.Өскөнбаев Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушту

01.03.2022

(Кыргызча)

1-мартта Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Э.Өскөнбаев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган мырза жана ТИКАнын Прогарммасынын Кыргыз Республикасындагы координатору Осман Уста мырза менен жолугушту.

 

Жолугушууда Түркиянын элчиси Э.Өскөнбаевди Конституциялык соттун төрагалыгына дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады. Өз кезегинде Конституциялык соттун төрагасы Э.Өскөнбаев Кыргыз Республикасынын 2021-жылы кабыл алынган жаңы Конституциясынын алкагында Конституциялык соттун мамлекеттик органдардын тутумундагы ролунун жогорулашына токтолду. Андан ары ал Түркиянын Конституциялык соту менен эки тараптуу форматта да, интеграциялык түзүмдөрдүн алкагында да, өзгөчө Азиянын Конституциялык сотторунун ассоциациясынын жана ага шайкеш институттардын алкагында кызматташуунун жогорку деңгээлин белгиледи.

 

Конституциялык соттун Төрагасы Э.Өскөнбаев да Элчи мырзага жана ТИКА Программасынын Кыргыз Республикасындагы  координаторуна мурда көрсөтүлгөн техникалык жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун мындан ары өнүктүрүү багыттарын дагы талкуулашты.

 

Маалымдама:

2019-жылы ТИКА Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун сот залын жана китепканасын реконструкциялоо долбоорун ишке ашырган (долбоордун бюджети 105 миң АКШ доллары тегерегинде). Бул долбоорду ишке ашыруунун аркасында оңдоп-түзөөдөн өткөн сот залы жана китепкана азыркы учурдагы функционалдык жана коопсуздук талаптарына жооп берген, конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары үчүн да, келгендер үчүн да оптималдуу шарттарды камсыз кылган заманбап имараттарга айланды.