(Кыргызча) Конституциялык палатада судья-катчы шайланды

03.03.2020

(Кыргызча)

Учурдагы жылдын 3-мартында Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышында Ч.О. Осмонова судья-катчы болуп шайланды.

 

Конституциялык палатанын судьялары ага ийгилик каалап, тапшырылган иш аймагын мындан ары да бекемдѳѳсүнѳ үмүттѳнүшѳрүн билдиришти.

 

Эскерте кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы өзүнүн курамынан судья-катчыны үч жылдык мөөнөткө шайлайт.