(Кыргызча) Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 22-майындагы № 21 аныктамасына Айтбай Абдыкадыровдун даттануусун кароо жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

28.06.2018

(Кыргызча)

2018-жылдын 17-апрелинде жаран А. Абдыкадыровдун Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамынын 7-беренесинин, 12-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 13-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ кайрылуусу келип түшкѳн.

 

Судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 22-майындагы № 21 аныктамасы менен «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган.

 

А. Абдыкадыров жогоруда аталган аныктама менен макул болбостон, 2018-жылдын 11-июнунда Конституциялык палатага даттануу менен кайрылган.

 

Конституциялык палата 2018-жылдын 28-июнунда даттанууну карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырды.

 

Конституциялык палата, ѳз токтомунда арыздануучу Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамынын конституциялуулугу талашылып жаткан ченемдери менен адамдын жана жарандын кайсы конституциялык укуктары менен эркиндиктери бузулуп жатканын көрсөткөн эмес деп белгилейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык жеке жана юридикалык жактарда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылуу укугу адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери талашылып жаткан ченем менен бузулган же бузулушу мүмкүн болгондо гана пайда болот.

 

Ал эми арыздануучу өз кайрылуусунда сот департаментинин сот бийлигинин тутумуна киришинин конституциялуулугу тууралуу маселени коюп жатат.

 

Бирок мындай маселелер тийиштүү бийлик органдары тарабынан гана алардын компетенциясын жана ыйгарым укуктарын эске алуу менен коюлушу мүмкүн.

 

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын аныктамсын жокко чыгаруу жана арыздануучунун даттануусун канааттандыруу үчүн негиздерди тапкан жок.