(Кыргызча) Конституциялык палатанын судьясы Чолпон Осмонова КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды

10.10.2017

(Кыргызча)

2017-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, искусство, айыл чарба, экология, курулуш, миграция тармактарында, андан тышкары, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарда ийгилик жараткан бир катар инсандарга Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана Төраганын кол саатын тапшырды.

 

Мыйзамдуулукту бекемдѳѳдѳ, жарандардын эркиндиктери менен укуктарын,  конституциялык түзүлүштү сактоодо кошкон салымы үчүн Конституциялык палатанын судьясы Чолпон Осмонова Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды.