(Кыргызча) Конституциялык палатанын төрагасынын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо сөзү

28.08.2020

(Кыргызча)

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

Өлкөбүздүн эң башкы майрамы – Эгемендүүлүк күнүн утурлай, кыргызстандыктарды ушул маарекелүү күнү менен куттуктайм.

 

1991-жылы 31-августта Республикабыздын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө кабыл алынган Декларация Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жандануусунда жаңы доордун жакшы жөрөлгөсү, эгемендүү мамлекеттин бир катар мамлекеттик белгилеринин кабыл алынуусуна себепкер болду. Кыргызстан эл аралык коомчулуктун толук кандуу өлкөсүнө айланды. Ошондуктан, бул майрам биздин мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн өзөгү жана Кыргызстандын тарыхында орчундуу мааниге ээ.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палата демократиялык баалуулуктарга негизделген жана укуктун улуктугу идеяларына сугарылган чечимдерди чыгаруу жолу менен Кыргыз Республикасынын эл аралык деңгээлде статусунун бекемделишине жана анын демократиялык жана укуктук мамлекет катары таанылуусуна өз салымын кошууда. Биз ушул багытта өнүгөбүз деп максат койгонбуз.

 

Ушул майрам аманчылыкты сактаган ачык асмандай болуп,  көп улуттуу элибиз ынтымак-ырашкерликте жашашын каалайм.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку сотунун

Конституциялык палатасынын

Тѳрагасы К. Дуйшеев