(Кыргызча) Конституциялык палатанын Төрагасынын Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата куттуктоо сөзү

04.05.2017

(Кыргызча)

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

1993-жылдын 5-майында мамлекетибиздин баш мыйзамы – эгемендүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган.

 

Бул алгачкы Конституция, кѳз карандысыз мамлекеттин курулушуна, мамлекет менен жарандардын, коомдук бирикмелердин ортосунда жаңыча мамиле түзүүгө укуктук негиз берген.

 

Кийинчирээк ага бир канча жолу ѳзгѳртүүлѳр киргизилилди, жаңы редакциялары дагы кабыл алынды. Бирок ага карабастан, бул майрамдын эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мааниси терең болуп, Конституция күнү катары белгиленип келүүдѳ.

 

Баш мыйзам биздин күнүмдүк жашообуздун ажырагыс бѳлүгү болуп эсептелет. Ал элибиздин, чыныгы эркиндиктин жана демократиянын шарттарында, адилеттүү жана укуктук коомдо жашоого умтулуусун далилдейт.

 

Конституциялык палата өлкөбүздө демократиялык, укуктук мамлекетти куруу процессине активдүү катышып, Конституциянын жогору болуусун камсыздоодо, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо өзүнүн татыктуу салымын кошуп келүүдѳ.

 

Бул майрам күнү ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук, асыл үмүттөрдүн аткарылышын, тынчтык менен бакубаттуулукту каалаймын!

 

Кыргыз Республикасынын
Жогорку сотунун
Конституциялык палатасынын Тѳрагасы Э. Т. Мамыров