(Кыргызча) Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 13-июлундагы аныктамасына жаран С.С. Султанидиновдун даттануусун кароо жөнүндөгү иш боюнча пресс-релиз

03.10.2017

(Кыргызча)

2017-жылдын 27-июнунда жаран С.С. Султанидиновдун «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жана 4-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2017-жылдын 13-июлунда өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алган.

 

Конституциялык палата 2017-жылдын 2-октябрында С.С. Султанидиновдун Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 13-июлундагы №47 аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу даттануусун карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырган.

 

Мында Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24-беренесине ылайык мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актынын Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу - ишти кароого негиз болуп эсептелерин белгилейт. Өз кезегинде мындай күмөндүүлүк, талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугундагы күмөндүүлүктү туудурган ынанымдуу укуктук аргументтер болгондо гана пайда болушу мүмкүн, ал эми бул жагдай арыздануучунун өтүнүчүндө табылган жок.