(Кыргызча) Президент Алмазбек Атамбаев Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды

23.11.2016

(Кыргызча)

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-ноябрда Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды, бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

 

Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкө жарандарынын конституциялык укуктарын коргоо боюнча Жогорку соттун Конституциялык палатасынын азыркы иштери тууралу маалымат берилди. 

 

Президент Алмазбек Атамбаев жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сапаттуу жактоо үчүн конституциялык көзөмөлдүн жогорку органынын натыйжалуу ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Президенттин сөз боюнча, мамлекеттин адилеттигине адамдардын ишенимин бекемдөө аркылуу гана укуктук мамлекетти куруу идеясын жана демократиялык реформаларды шайма-шай  жүзөгө ашыруу мүмкүн.