(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын сот системасынын абалын диагностикалоо жана талдоо боюнча стратегиялык сессия болуп өттү

17.06.2022

(Кыргызча)

Үстүбүздөгү жылдын 16-17-июнунда USAID "Укук булагы" долбоорунун колдоосу менен Президенттин Администрациясынын, Конституциялык соттун, Жогорку соттун, Сот департаментинин, USAID "Укук булагы" долбоорунун өкүлдөрүнүн жана тартылган эксперттердин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын сот тутумунун абалын диагностикалоо жана талдоо боюнча стратегиялык сессия болуп өттү.

 

Сессиянын ишине Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунан аппарат жетекчи Марат Джаманкулов катышты.

 

Иш-чарада катышуучулар Кыргыз Республикасында сот тутумунун иштеп жаткан ченемдик, структуралык жана функционалдык түзүлүшүн, анын мамлекеттик бийлик органдарынын системасындагы ролун, учурдагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.

 

Атап айтканда, иш - чарада "Сот системасын өнүктүрүү" - 1, 2 (2014-2017-жылдарга, 2019-2022-жылдарга) Мамлекеттик максаттуу программаларды ишке ашыруу боюнча маалымат угулду, ошондой эле 2023-2027-жылдарга КР сот системасын өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик максаттуу программанын долбоорун иштеп чыгууда түптөлө турган максаттар, милдеттер жана негизги багыттар талкууланды.