(Кыргызча) Конституциялык палата жаңы судьясы менен таанышты

20.12.2019

(Кыргызча)

Бүгүн, 20-декабрь күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү Л.Жумабаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан учурдагы жылдын 18-декабрында Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланган К.Кыдырбаевди соттун жамааты менен тааныштырды.

 

Л.Жумабаев жаңы судья менен тааныштырып жатып, аны кесипкөй сапаттарын жана илимий жетишкендиктерин белгилеп, жаңы кызмат ордунда ийгиликтерди каалап кетти.

 

Конституциялык палатанын төрагасы К.Дуйшеев да К.Кыдырбаевди ушул жоопкерчиликтүү кызмат ордуна шайланышы менен куттуктап, ишинде кесипкөй жетишкендиктерге жетишүүнү каалап кетти.