(Кыргызча) Конституциялык палата өзүнүн ишин өзгөчө кырдаал режиминде улантууда

12.05.2020

(Кыргызча)

Конституциялык палата санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактануу менен мыйзамдарда белгиленген тартипте өзгөчө кырдаал режиминде өз ишин улантып жатканын билдирет.

 

Тактап айтканда, өтүнүчтөрдү, сунуштамаларды жана суроо-талаптарды кабыл алуу, кайрылууларды конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алуу же алардан баш тартуу маселелердин чечилиши, соттук коллегиялардын аныктамаларына даттануунун каралышы демейдеги тартипте жүзөгө ашырылып жатат. Өзгөчө кырдаал режиминде иштерди тиешелүү технологияларды колдонуу менен конференц-байланыштын жардамы менен алыстан туруп кароо пландаштырылууда. Мында, сот процессинин жүрүшүнүн видеожазуусу Конституциялык палатанын расмий сайтында толугу менен жайгаштырылат.

 

Ошону менен бирге, 2020-жылдын 15-майынан тартып Конституциялык палатанын үч судьясынын ыйгарым укуктары аяктап, ал кворумдун болбой калышына алып келерин белгилейбиз. Иштерди кароо кворумду камсыз кылуучу жана судьялардын зарыл болгон санын тандоо жана шайлоо процедурасы аяктагандан кийин улантылат.