(Кыргызча) Конституциялык палатанын төрагасынын Юрист күнүнө карата куттуктоо сөзү

26.06.2020

(Кыргызча)

Урматтуу юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү!

 

Өзүңөргө маалым болгондой, КР Өкмөтүнүн 1993-жылдын 24-июнундагы № 272 токтому менен ар жылы июндун акыркы жумасындагы жекшемби күнү Кыргыз Республикасынын Юристтин кесипкөй күнү деп белгиленген.

 

Ушуга байланыштуу, ар бириңерди кесипкөй майрамыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

 

Кыргызстандын юридикалык коомчулугу мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын орчундуу тармактарын жана өнүгүүнүн стратегиялык акттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтордо жигердүү иштеп, өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын бекемделишине өзүнүн кесипкѳй салымын жасаган деген көз караштамын.

 

Юрист кесиби жоопкерчиликти чагылдырат, анткени бул адамдар адилеттүүлүктүн идеяларын жана укуктун улуктугун турмушка ашырып, өлкөдө мыйзамдуулукту орнотууга жана бекемдөөгө көмөк көрсөтүшөт деп ишенем. Ар бирибиз ушул бийик максат үчүн жаныбыз менен берилип, мамлекеттин бакубаттуулугу үчүн кызмат кылуубуз керек деп эсептейм.

 

Сиздердин кыйын ишиңиздерде көтөрүмдүү жана чыдамкай болушуңуздарды каалайм, кесиптик ишмерлигиңиздерде ийгиликтер жана жетишкендиктер арта берсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку сотунун

Конституциялык палатасынын

Тѳрагасы К.А. Дуйшеев