(Кыргызча) Конституциялык палатанын Төрагасы Э.Мамыровдун Жаңы Жыл менен куттуктоосу

28.12.2016

(Кыргызча)

 

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

 

Конституциялык палатанын бүткүл жамааты атынан да, жеке өзүмдүн атыман да Сиздерди кирип келаткан Жаңы жылыбыз менен куттуктайм!

 

Ар бирибиздин жашообузда бул майрамдын өзгөчө орду бар. Жаңы жыл тартуулаган ак тилектери менен, жаркын сүйүнүчтөрдү алып келүү менен, жүрөгүбүздү таттуу кыялдарга бөлөйт.

 

Албетте, узатып жаткан жылыбыз баарыбызга өзгөчөлүгү менен эсте калаарлык. Өлкөдөгү өткөрүлүп жаткан укуктук өзгөрүүлөр, өзгөчө конституциялык толуктоолор, жаңы кырларды белгиледи, аларды көңүлүбүздү токтотуп чечүүгө белсенип турабыз.

 

 

Конституциялык палата башка мамлекеттик бийлик органдары сыяктуу бардык чакырыктарга туруштук бере алат жана натыйжалуу конституциялык сот адилеттигин туткан ишмерлик аркылуу биздин өлкөбүздүн андан аркы өнүгүүсүн жана туруктуулугун камсыз кыла алат.

 

Туруктуулукту, укуктук ченемдерди сактоо үчүн коомдо адеп ченемдерден, коомдук жана үй-бүлөлүк салттардан, жүрүм-турум эрежелеринен куралган  бузулбас түндүк көтөрүү зарыл. Конституциялык палатанын милдети ич ара ынтымак бузган атаандаштыкты эмес,  мамлекеттин пайдубалын түптөгөн тутумдун өзү менен шайкештикте болуу жана мамлекеттибиздин конституциялык өзүн таануу ишин жүргүзүү.

 

Конституциялык палата Конституциянын жана бүткүл конституциялуулук тутумунун сакчысы катары мамлекеттик бийлик органдар тутумунда өзгөчө орунду ээлейт, тамырынан өзөк чыгарган маанисине эгедер. Конституцияны коргоо жана Конституциялык палатанын негизги ишмерлиги болгон жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо ишине келерки жылда да артыкчылык менен көңүл бурулат.

 

Келе жаткан Жаңы жылда ден соолукта болгула, Сиздерге үй-бүлөлүк ынтымак, бакыт-таалай каалайм, ак тилектериңиз орундалсын.

 

Жаңы жыл ар бир үйгө кубаныч менен ынтымак алып келсин, жергебизде аманчылык, тынчтык болсун!

 

Ак тилектерибиз орундалсын деп,

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун

Конституциялык палатасынын төрагасы

Э.Мамыров