(Кыргызча) «Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 6-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

30.03.2017

(Кыргызча)

2017-жылдын 29-мартында Конституциялык палата Кыргыз Республикасынын Айкыйкатчысынын «Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө сунуштамасын карап чыгып, кийинкидей чечим чыгарды.

 

Жогоруда аты аталган Мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жарандыгын жоготуунун негиздерин караган өзгөртүүлөр киргизилген.

 

Талашылып жаткан Мыйзамдын 6-беренеси Конституциялык палата чыгарган Чечиминде конституциялык-укуктук түшүндөрмө кандай берилген болсо, дал ошол нукта Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таанылды.

 

Конституция Кыргыз Республикасын эгемендүү, укуктук, демократиялык мамлекеттик деп жарыялайт, ал өлкө көз карандысыз деген сөз, анын ичинде өзүнүн жарандык институтунун укуктук жана уюштуруучулук механизмдерин камсыз кылуу маселелерин тандап алууда да көз карандысыз дегенди билдирет. Ошол эле мезгилде, Кыргыз Республикасы, дүйнөлүк коомчулуктун бөлүгү катары, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери менен ченемдерин кармануу керек, демек, конституциялык мыйзамда жарандыктан ажыратуунун катуу процедурасын, ушул эле маселени кароодо юридикалык мааниси болгон фактыларды аныктоонун соттук тартибин кошкондо, так негиздерин карап, жарандыктан өзүм билемдикке салып ажыратуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруу керек.

 

Конституциялык палата 2016-жылдын 11-декабрындагы Референдумда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 50-беренесинин 2-бөлүгүнө киргизилген конституциялык жаңылык адамдын жарандык маселесинин абалын начарлатпастан, ал киргизген түзөтүүлөрдө юридикалык күчү жогору турган конституциялык мыйзамды кабыл алуу аркылуу гана жарандыктан ажыратуу жана адамдын жарандыкты өзгөртүү укугу маселесин регламенттөө жагында талаптар жогорулатылган деп белгилейт. Мурунку конституциялык орнотмо адам түтүмдүүлүк принцибин жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына зыян келтирбөө шарттарын сактоосу менен кошо анын ажыратылгыс укугу катары каралып келген. Бул жагдайды башкача түшүнүп алуу, өз ара милдеттенмелерге негизделген адам менен мамлекеттин ортосундагы жарандыктын маанисине карама-каршы келмек.

 

«КР жарандыгы жөнүндө» Мыйзамдагы жарандыкты жоготуу жөнүндөгү ченемдер, бул маселени регламенттөөчү конституциялык мыйзамдын жоктугуна байланыштуу Негизги мыйзам өзгөрүлгөндүгү натыйжасында пайда болгон табигый укуктук ача пикирди туюндурат, бул өзү маселе кабыл алынган процедура боюнча жөнгө салынышы мүмкүн эмес, ал эми жаңысы болсо, иштелип чыга элек. Бирок, пайда болгон укуктук коллизия талашылып жаткан мыйзамдын ченемин конституциялуу эмес деп таануу үчүн негиз болуп саналбайт. Мындай учурда мыйзамды мезгил алкагында колдонуу эрежелерине ылайык жана “КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык “КР жарандыгы жөнүндө” 2016-жылдын 2-августуна карата өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен болгон 2007-жылдын 21-майындагы Мыйзам КР Конституциясына карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулууга тийиш.

 

Ошону менен бирге, Конституциялык палата КР Жогорку Кеңешине жана КР Өкмөтүнө жарандык маселелерин жөнгө салуучу конституциялык мыйзамды иштеп чыгууда чыгарылган Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндөгү Конституциялык палатанын укуктук көз карашын эске алууну тапшырган.

 

 

Отурумда төрагалык кылуучу           Мамыров Эркинбек Тобокелович

 Судья – баяндамачы                             Осконбаев Эмиль Жолдошевич