(Кыргызча) М. Аскарбековдун Конституциялык палатага кайрылуусу туурасында

02.03.2018

(Кыргызча)

 М. Аскарбековдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылуусу туурасында 2018-жылдын 15-февралында адвокат К.А. Джайлоевден Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-статьясынын 4-бөлүгүн, 255-статьясын, 288-статьясынын 2-бөлүгүн, 291-статьясынын 4-бөлүгүн, 296-статьясынын 2-бөлүгүн, 339-статьясынын 2-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституцисынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесине карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүч келип түшкөн.

 

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2018-жылдын 2-мартында бул өтүнүчтү карап чыгып, аны конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартышкан.

 

Мында судьялар коллегиясы КР Жазык-процесстик кодексинин 73-статьясынын 4-бөлүгүнүн жоболору, ошондой эле КР Жазык-процесстик кодексинин 339- статьясынын 2-бөлүгү Конституциялык палатасында каралган жана ал ченемдердин конституциялуулугу маселелси боюнча 2017-жылдын 18-январындагы жана 2014-жылдын 19-декабрындагы кабыл алынган Чечимдер бар экенин билдирет. Бул жагдай Конституциялык палата жөнүндө Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.

 

Ал эми арыздануучунун КР Жазык-процесстик кодексинин 266-статьясын, 288-статьясынын 2-бөлүгүн, 291-статьясынын 4-бөлүгүн, 296-статьясынын 2-бөлүгүн КР Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндөгү талаптарында талашылып жаткан ченемдер Конституциянын талаптарына ылайык келүү жөнүндөгү маселеде судьялар коллегиясы укуктук күмөндүүлүктү ырастаган тийиштүү укуктук негиздеме жок экендигин белгилеген.

 

Арыздануучунун жүйөлөрү талашылып жаткан статьяларда конкреттүү судья тарабынан ыйгарым укуктарын колдонууга тийиштүү, ал жагы сөзсүз түрдө укук колдонуучулук тажрыйба жаатында турат. Конституцияга жана Конституциялык палата жөнүндө Мыйзамга ылайык укук колдонуучулук тажрыйбанын конституциялуулук маселелерин кароо Конституциялык палатанын ыйгарым укуктар алкагына кирбейт.

 

Ушуга байланыштуу, Конституциялык палата жаран М.Аскарбековдун адвокатынын кайрылуусу конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган жок деп маалымдайт.