(Кыргызча) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамдын 85-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн кайсы бир банктын добуш берүүчү акцияларынын он жана андан көп пайызына кыйыр түрдө ээлик кылган юридикалык жактын акцияларын же үлүшүн сатып алууга кандай гана жеке же юридикалык жак болбосун, Улуттук банктын алдын ала уруксатын алууга милдеттендирүүчү бөлүгүн, ошондой эле ушул Мыйзамдын 86-беренесинин 9-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

25.02.2021

(Кыргызча)

2021-жылдын 19-февралында Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамдын кыйыр түрдө ээлик кылуу жолу менен банктын капиталына чектүү катышууга ниеттенген кандай гана жеке адам же юридикалык жак болбосун, Улуттук банктын алдын ала кат жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттенмени белгилеген 85-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн, ошондой эле ушул эле Мыйзамдын, эгерде банктын капиталына чектүү катышуу Улуттук банктын уруксатысыз сатып алынган учурда, Улуттук банк арзыбаган бүтүмдүн жараксыздык кесепеттерин колдонуу жөнүндө талабы менен сотко кайрылууга укуктуулугун белгилеген 86-беренесинин 9-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.

 

Конституциялык палата өзүнүн Чечиминде талашылып жаткан ченем совет мезгилинин уруксат берүүчүлүк тутумунун усулдары боюнча калыптанган, ал укуктук жөнгө салуунун так критерийлеринин, айкын жана катаал чектердин жоктугу менен мүнөздөлөт, натыйжада ыйгарым укуктуу органга андай ыйгарым укуктарды кеңири жана өзүм билемдик менен колдонууга жол берет. Ал эми Улуттук банктын банк көзөмөлүн жүргүзүү маселелери боюнча мыйзам алдындагы актылардын көбү жана укук чыгаруучулуктун ведомстволук деңгээлине берилген ыйгарым укуктардын көлөмү мыйзам чыгаруучунун эркин мыйзам алдындагы актыларды эркин чечмелөөгө жол бербеши керек жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген укуктар менен эркиндиктерди чектөөгө алып келүүчү сызыктан ашып кетпей турган чектерге чейин катуу тыюуга алынуусу керек деп белгилеген.

 

Конституция менен Улуттук банкка жүктөлгөн милдеттер менен функциялардын жана экономикалык иштин эркиндигинин конституциялык кепилдиктердин маанисинин салыштырмалуулугу Улуттук банктын компетенциясынын жарандык ишчил чөйрөгө мүмкүн болуучу жайылуу чектерин кош маанилерди аралаштырбай белгилейт. Бул механизм талашылып жаткан ченемде көрсөтүлгөндөй эмес, ал ишкерчиликтин субъекти банктын капиталындагы чектүү катышуунун кыйыр түрдө ээси болгондон тартып иштей баштайт. Банктын укуктук мамилелеринин субъекттери боло элек жактар ортосундагы бүтүмдүн шарттарын алдын ала жөнгө салуу эркин ишкерчиликтин аймагына кийлигишүү болуп саналат, аны менен Улуттук банктын компетенциясы колдонуудагы укуктук жөнгө салуунун мүмкүндүк чектеринен чыгууда, ал эми анын тизмеси Баш Мыйзамда катуу көрсөтүлгөн. Ошондой эле Конституциялык палата талашылып жаткан ченемдин зыянкечтигин байкоодо, анткени Улуттук банк уруксат берүү тартибин өз алдынча аныктап, ыйгарым укуктуу орган катары ведомстволук ченем жаратуучулук жолу менен мамлекет тарабынан чектөө чараларын киргизүү сыяктуу мындай сезимтал чөйрөгө чексиз кийилгишип кирип кетүүдө.

 

Ошону менен катар, Конституциялык палата Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен Улуттук банкка уруксат берилгенден  тышкары, ал жарандык ишкерчилик чөйрөгө кыйла терең кийлигишүү аркылуу банк көзөмөлүн жүргүзүү жөнүндө талаптарды камтыган жана жалпысы кабыл алган колдонуудагы эл аралык стандарттарды эске алат (БУУ Коопсуздук Кеңешинини 167-резолюциясы (2005,), Банк көзөмөлү боюнча Базель комитетинин сунуштамалары).

 

Конституциялык палата өзүнүн ички укуктук жоболорунун негизинде эл аралык келишимди аткарбай коюунун мүмкүн эместиги жөнүндө эл аралык келишимдин укугу жөнүндө Вена конвенциясынын талаптарын эске алуу менен, ошондой эле ага байланыштуу санкциялык мүнөздөгү эл аралык-укукутук кесепеттердин башталуу мүмкүндүгүнө байланыштуу талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп кабыл алган.

 

Кабыл алынган Чечимде Улуттук банк аркылуу макулдашуу процедурасын (нотариалдык күбөлөндүрүү, мамлекеттик каттоо) өткөрбөстөн бенефициарлардын, жада калса үчүнчү жактар аркылуу бүтүмдөрдү жасоо мүмкүндүгүн жокко чыгарууга жөндөмдүү омоктуу мыйзам чыгаруучу тосмолор жок болгондо, анын ичиинде жарандык ишкер чөйрөнүн ак ниет катышуучулары үчүн олуттуу мүлктүк жоготууларга алып келе турган бүтүмдү арзыбас деп таануу сыяктуу катаал таасир этүү чарасын колдонуу укуктук жөнгө салууда дегеле туура эмес жана адилеттүүлүктүн конституциялык принциптери менен менчиктин бардык формаларынын менчик ээлеринин укуктарынын жана кызыкчылыктарынын тең укуктук корголушун бузуу болуп саналат.

 

Мамлекет конституциялык орнотмолордун жалпы маанисинен келип чыкканда, ишкерчилик чөйрөсүнүн субъектилери менен ак ниеттүүлүк, чынчылдык, кодулабоочулук жана ишкер чөйрөсүнүн бардык катышуучуларынын тең укуктуулугунун негизинде мамилелерди түзүүгө милдеттүү.

 

Демек, каралып жаткан Мыйзамдын 98-беренесинин 9-бөлүгүндө каралган укуктук кесепеттер ар кимдин менчиктин, экономикалык эркиндиктин жана өзүнүн мүлкүн эркин пайдаланууга кол тийгистигинин укугу жөнүндө конституциялык кепилдиктерге өлчөмсүз кийлигишүү болуп саналат.