(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2 жана 7-беренелеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

20.02.2017

(Кыргызча)

 

2017-жылдын 17-февралында Конституциялык палата салык төлөөчүнүн даттануусун кароо тартибин караган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2 жана 7 бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, төмөнкүдөй чечим чыгарган.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгү ар кимдин соттук коргонууга болгон конституциялык укугунун жүзөгө ашырып, салык төлөөчүгө ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине соттук тартипте даттануу мүмкүнчүлүгүн берүүдө жана тыюу салуучу эрежелерди камтыбайт. Ошон үчүн, талашты сотко чейинки чечүү тартибин сактагандан кийин салык төлөөчүнүн төмөн турган салык органынын чечимин сотко берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ченем катары чечмелениши мүмкүн эмес. Демек, мамлекеттин принциптерине карама-каршы келген ченем катары каралышы мүмкүн эмес.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2- бөлүгү соттук коргонууга болгон конституциялык укуктун жүзөгө ашырылуусуна тоскоолдук болуп эсептелген талаштарды сотко чейинки чечүүнүн мүмкүн болуучу мөөнөттөрүн чектебеген бѳлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанылды. Даттанууну кароонун мөөнөтүн чексиз узартуу жана ыйгарым укуктуу салык органынын өзүнө карап иш кылуу мүмкүнчүлүгүн жол берилгис кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнѳ жол берген талашылып жаткан жоболор салык төлөөчүнүн бузулган укуктары менен кызыкчылыктарын ыкчам калыбына келтирүүгө көмөк болууга арналган талашты чечүүнүн мындай ыкмасынын касиетине карама-каршы келет.

 

Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучуга салык талаштарын чечүүнүн сотко чейинки тартибин укуктук жөнгө салынышына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүсү тийиш, мындай процедура талашты сотко чейинки тартипте чечүүнүн мөөнөтүндө күмөндүүлүктү камтыбашы керек, ал даттанууну кароо мөөнөтүн чексиз узартууну жокко чыгарган так чектердин алкагында белгилениши керек. Бул мөөнөттөрдүн ичинде даттанууну чечүү мүмкүн болбой калган учурда, себептерине карабастан, салык төлөөчүдѳ соттук коргонууга болгон конституциялык укугун пайдаланууга мүмкүнчүлүк болушу керек.

 

 

Отурумда төрагалык кылуучу                          Мамыров Эркинбек Тобокелович

Судья - баяндамачы                                             Бобукеева Меергуль Рыскулбековна