(Кыргызча) С.И. Рыскулов, И.В. Цой, Д.Д. Бекешевдин кайрылуусуна байланыштуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ» Мыйзамдын 8-беренесинин 17-бѳлүгүнүн, 14-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 2, 3, 4-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

21.11.2019

(Кыргызча)

Конституциялык палата 2019-жылдын 20-ноябрында «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ» Мыйзамдын 8-беренесинин 17-бѳлүгүнүн, 14-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 2, 3, 4-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.

 

Конституциялык палата ѳз чечиминде, бүткүл коомдун жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарынын аткарылуусун камсыз кылуу боюнча кесиптик ишмердик катары мамлекеттик кызматтын ѳзгѳчѳлүгүн эске алуу менен, мыйзам чыгаруучу атайын укуктук жѳнгѳ салуу аркылуу мамлекеттик кызматка келип жаткан жарандар үчүн тиешелүү укуктарды жана милдеттерди гана эмес, мамлекеттик кызматтын милдеттеринин ѳзгѳчѳлүктѳрүн, уюштуруу жана иштѳѳ принциптерин эске алуу менен квалификациялык талаптарды орнотууга да укуктуу деп белгиледи.

 

Колдонуудагы укуктук жѳнгѳ салуу тутумунда бош мамлекеттик жарандык кызмат ордуна келе турган талапкерлерге коюла турган квалификациялык, анын ичинде тийиштүү кызматтарда иштѳѳ тажрыйбасынын болуусу  тууралуу талаптарды орнотуу, натыйжалуу мамлекеттик аппаратты түзүү жана мамлекеттик бийликти жогорку деңгээлде жүзѳгѳ ашырууну сактоо максаты менен шартталган.

 

Квалификациялык талаптарга ылайык келүү, кесиптик специализация менен кѳндүмдѳргѳ жана мамлекеттик кызматтын тийиштүү чѳйрѳсүндѳ талапка ээ болгон эң компетенттүү жарандарды аныктоону болжойт, алар ѳзүнүн мамлекеттик кызматка бирдей жеткиликтүүлүк укугун бош мамлекеттик жарандык кызмат ордуна жарыяланган конкурска катышуу жолу менен жүзѳгѳ ашырыша алат.

 

Ѳз кезегинде, претендеттердин бош мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлѳѳ үчүн конкурска катышуусу, алардын, коюлган квалификациялык талаптарга ылайык келүүсүндѳ гана мүмкүн. Мында, квалификациялык талаптар мамлекеттик кызмат тутумуна күчтүү конкурент боло ала турган адистерди тартууга багытталган механизмдин бир бѳлүгү катары чыгат, жана ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер үчүн карьераны пландоодо стимул болот.

 

Ошону менен, мамлекеттик кызматка жетүүнүн бирдейлиги мыйзамдар менен мамлекеттик жарандык кызматтын тигил же бул кызмат орундарына коюла турган квалификациялык талаптарга кесиптик жана жеке сапаттары ылайык келген жарандардын тобуна гана карата бааланышы мүмкүн.

 

Ушуга байланыштуу, мамлекеттик кызмат чѳйрѳсүндѳ мамлекеттик кызматкерлердин эмгек ишмердигинин ѳзгѳчѳлүктѳрү менен шартталган ѳзгѳчѳ талаптарды орнотуу жарандардын Конституция менен кепилденген укуктарын жана эркиндиктерин бузуу катары бааланышы мүмкүн эмес. Мамлекеттик кызмат чѳйрѳсүндѳгү укуктук жѳнгѳ салуунун мындай ѳзгѳчѳлүгү туруктуулук, кесиптүүлүк, компетенттүүлүк, ордун басуучулук, алмашуучулук жана анын тутумун дайыма жакшыртуу принциптеринин жүзѳгѳ ашырылышын камсыз кылат.

 

Мамлекеттик ишмердиктин натыйжалуулугу жана коомдун жыргалчылыгы биринчи кезекте мамлекеттик бийлик органдарынын бардык деңгээлдеринде башкаруу функцияларын сапаттуу аткаруу менен аныкталат. Ал кѳбүнесе мамлекеттик аппараттын акыбалынан, мамлекеттик кызмат институтунун уюштурулушунан жана иштѳѳсүнѳн кѳз каранды. Дал ушул, ишмердиктин бул түрүнүн ѳзгѳчѳлүгүн аныктайт, ал башкаруунун ѳзгѳчѳ кѳндүмдѳрүн жана коом алдындагы жоопкерчиликтин деңгээлин түзѳт. Ушуга байланыштуу мамлекеттик бийлик органдарындагы жана кесиптик ишмердиктин башка чѳйрѳлѳрүндѳгү иш тажрыйбасына болгон квалификациялык талаптардын айырмачылыгы мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлѳѳ үчүн мыйзам менен коюлган себептүү талаптар болуп эсептелет.