(Кыргызча) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

22.10.2020

(Кыргызча)

Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, Конституциянын көз карашынан алганда, сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда айкын жана одоно бузуу үчүн судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартууну мүмкүн деп тааныган, бирок мында судьядан, ал эмес аны жоопкерчиликке тартууга байланышса да, конкреттүү сот иши боюнча отчетту талап кылуумүмкүн эмес деп эсептейт.

 

Сот адилеттиги сот бийлигинин жана ушул бийликтин алып жүрүүчүлөрү – судьялардын көз карандысыздыгы шарттарында гана натыйжалуу жана адилеттүү болушу мүмкүн. Ошондуктан судьялардын көз карандысыздыгынын, кол тийбестигинин жана өзгөчө укуктук статусунун принциптери, алардын Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийүүсү, судьядан конкреттүү сот иши боюнча отчетту талап кылууга жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишине ар кандай кийлигишүүгө тыюу салуу Конституцияда чечкиндүү буйрук формасында бекитилген. Судьялардын көз карандысыздыгы жана сот адилеттиги органдарынын институционалдуу көз карандысыздык тутумунуннатыйжалуу түптөлүшүндө гана сот бийлиги бейтарап болууга, адамдын укуктары менен эркиндиктерин кепилдөөгө, ошондой эле өлкөдө мыйзамдуулук режимин камсыз кылууга жөндөмдүү.

 

Ошону менен бирге, судьялардын көз карандысыздыгынын конституциялык кепилдиктери чексиз мүнөзгө ээ болушу мүмкүн эмес, анткени бийликтин расмий органдарынын коом алдында ачыктыгы жана жоопкерчилиги сот бийлигинин өкүлдөрүнө да тиешелүүлүгү шексиз жана судьялардын жоопкерчилик механизминин түзүлүшүн зарылдыгын болжойт. Баарыдан мурда, судьялардын жоопкерчилиги институтунун максаты коомго зарыл болгон сот адилеттигинин жогорку деңгээлин кармап туруу кызыкчылыгында коомдук милдеттерди чечүүдө турат. Бирок, мында тартиптик жоопкерчилик тутуму ишенимдүү, болжолдуу, адилеттүү жана кыянатчылык менен пайдалануудан жана зомбулуктан корголгондой болуш керек.

 

Конституциянын эч ким судьядан конкреттүү сот иши боюнча отчет талап кылууга укуктуу эмес деген 94-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына карабастан «Кыргыз Республикасынын судьялардын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн талашылып жаткан ченемдик жобосу ушул тыюудан алып салууну камтыйт жана эгер судьянын тартиптик жоопкерчилик жөнүндө маселеси каралып жаткан учур болсо, судьядан конкреттүү сот иши боюнча отчетту талап кылууга жол берет. Аны менен, ушул  укукту Тартиптик комиссия тарабынан негизсиз колдонууга шарт түзүлүүдө, ал эми бул мыйзам актыларында өзгөрүлбөй турган жана кеңири чечмеленбей турган эбегейсиз белгилүү бир эрежени камтуучу императивдүү конституциялык ченем болуп саналат.

 

Албетте, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьялар тарабынан адилетсиз аракеттерди болтурбоо механизмдеринин бири болуп «Кыргыз Республикасынын судьялардын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган «сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузгандыгы үчүн» жоопкерчилик чарасын орнотуу келип чыгат.

 

Бирок судьялар мыйзамдын талаптарынан ар кандай четтөөсү үчүн эмес, сот адилеттигинин максаттарына жана арналгандыгына айкын карама-каршы келгендиги үчүн жоопкерчилик тартышы керек. Мыйзамдын одоно бузулушунун категориясына мыйзамдын талаптарына жараша жогору турган сот инстанциясы тарабынан соттук актыга айныгыс оңдоолордү алып келген олуттуу бузууларды гана киргизүү керек. Айкындуулук жана одонолук негизсиз чечмеленбеш керек, алар тартиптик жосундарды баалоодо жана мамилелерде айырмачылыктарга жол бербеген, ошондой эле судьяларга карата тартиптик өндүрүштүн адилеттүү жана бир түрдүү тажрыйбаны орнотууга мүмкүндүк берген мыйзам чыгаруучулук, уюштуруучулук, усулдук чаралар аркылуу так алкактар менен берилиш керек.

 

Конституциялык палата судьянын ишин баалоонун негизинде анын ак ниеттүү жаңылышуусунун натыйжасында келип чыккан, ошондон улам юридикалык жоопкерчиликке жатпаган учурлардан жазаланууга татыктуу жосундарды ажыратуунун өзөктүү принциби болуш керек деп баса белгилеген.

 

Судьянын ак ниет жаңылышуусунун натыйжасында кетирген соттук катасы үчүн, ал анын көз карашынан объективдүү негиздери болгон ынанымдары үчүн аны судьянын беделин кетирген факт катары баалоого болбойт, ошондуктан бул өңдүү аракет/аракетсиздик тартиптик жоопкерчиликке жатпайт.

 

Орой шалакылыктын же кесипкөй компетенттүү эместиктин натыйжасында жасалган соттук каталар чындыктын бурмаланышына алып келет, сот адилеттигинин максаттарына карама-каршы келет жана сот бийлигинин аброюна түзөтүлбөс зыян келтирет, демек, судьяга ал келтирген зыянына өлчөмдөш  болгон тартиптик жоопкерчилик чараларынын колдонулушу үчүн негиз болуп саналат.

 

Ошол эле учурда судьянын ошол эле кесепеттерге алып келген, бирок ниеттенип жасалган  аракеттери/аракетсиздиги өзүнүн табияты боюнча соттук катага кириши мүмкүн эмес жана ал жасалган жосундун жана келтирилген зыяндын мүнөзүнө жана оордугуна жараша тиешелүү юридикалык жоопкерчиликтин түрүнүн алкагында бааланууга тийиш.

 

Бирок соттук каталарды четтетүүнүн жалгыз механизми болуп соттук актыларды даттануу институту болушу мүмкүн, тактап айтканда судьянын соттук катасы же объективдүү укукка каршы аракети/аракетсиздигинин бар экендиги жогору турган сот органынын актысы менен гана белгилениши мүмкүн. Судьянын аракеттерин/аракетсиздигин баалоо максатында соттук эмес органдар тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан соттук актыларды текшерүүнүн ар кандай процедурасы принципиалдуу түрдө жол берилгис. Судьяларга карата тартиптик өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органга бул өңдүү укуктун берилиши сот адилеттигинин табиятынын өзүн, сот актынын төгүндөлбөстүгүн, өзгөчөлүктүгүн, милдеттүүлүгүн тануу дегенди гана билдирет.

 

Жалпысынан, судьялардын көз карандысыздыгынын маанилүүлүгүн же анын кесипкөйлүк жактан ылайык келүүсүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын тандоодо судьялардын көз карандысыздыгынын уюткусуна артыкчылык берилүү керек экендигин, анткени анын жоктугу бүтүндөй сот тутумунун тутумдаш жана бузуучулук кемчиликтин билдирет, ал эми кесипкөй эместик жана компетенттүү эместик – бул кокустан болуучу жана жекелик дефект экендигин эске алуу зарыл.